World News

Орусиянын "кара тизмесинде" 77 миң кыргызстандык бар

Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиевдин 13-мартта журналисттерге билдиришинче, булардын ичинен 50 миң мигрант сот чечими менен "кара тизмеге" кирген, ошондуктан, алардын кайра чыгуусу оор жараян. Ал эми калган 27 миң мигрантты "кара тизмеден" чыгаруу боюнча сүйлөшүү жүрүүдө:


- Биз "кара тизмеге" бир-эки жолу эреже бузган жарандардын киргизилбөөсүн сунуштап жатабыз. Орусиялык кесиптештер сунушубузду түшүнүү менен кабыл алып жатышат. Сүйлөшүүлөр уланат, 30-мартта ЕАЭБ өкүлдөрү Москвада жолукканда да бул маселе көтөрүлөт.


Айдаралиевдин айтуусунда, 2015-жылы Орусия федералдык миграция кызматынын "кара тизмесинде" 180 миң кыргызстандык жаран болсо, 2017-жылдын 1-январына карата алардын саны 110 миңге чейин азайган. 


Бүгүнкү күнү Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны расмий 640 миң. Бул жалпы чет жакта иштеген мекендештердин 88% түзөт.(ZKo)

Читайте на сайте