Бишкекте мыкты жыгач уяга сынак жарыяланды
Сынакты "Бишкек жашылдандыруу чарбасы" ишканасы жарыялады. Иш-чара 1-апрелде белгиленүүчү Эл аралык канаттуулар күнүн утурлай уюштурулуп жатат.
Сынакка бардык каалоочулар катыша алышат. Куштардын уясы түрдүү формада жана өлчөмдө болушу мүмкүн. Негизги шарт - уя жыгачтан жасалышы керек. Ошондой эле анын ээси уяны өзү жасаганын сүрөт же тасма менен далилдеп бериши шарт.
Сынактан кийин жыгач уялар шаардагы парктарга, бактарга жана башка жерлерге орнотулат. Бул бак-дарактарды курутуп жаткан зыянкеч курт-кумурскалардан арылуу үчүн канаттууларды парктарга тартуу максатында жүргүзүлүүдө деп маалымдайт "Бишкек жашылдандыруу чарбасы" ишканасы.
Жыгач уялар 1-апрелге чейин кабыл алынат.
Эл аралык канаттуулар күнү алгачкы жолу 1894-жылы 1-апрелде АКШда белгиленген. Кийинчерээк жайылып отуруп, дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө тараган.(ZKo)