World News

22-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

22-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт, өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.


Абанын температурасы:


Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13...18, күндүз 28...33,


Баткен облусунда түнкүсүн 13... 18, күндүз 30...35,


Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12... 17, күндүз 30...35,


Талас жергесинде түнкүсүн 11...16, күндүз 26...31,


Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 9...14, күндүз 22...27,


Нарын облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 21...26,


22-июнда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18°, күндүз 30…32° жылуу болот.

Читайте на сайте