World News

Пакистандагы кош чабуул 70тен ашуун кишинин өмүрүн алды

Пакистандагы шайлоого байланыштуу эки башка чабуулда кеминде 74 киши курман болду, алардын арасында парламенттик шайлоого катышып жаткан талапкерлер да бар. Жаракат алгандардын саны 150гө жетти. Полициянын билдиргенине ылайык, Кветта шаарындагы чабуулду жанкечти уюштурган. Курман болгон 70тей кишинин арасында 25-июлда өтчү шайлоого ат салышып жаткан Сираж Раисани да бар экени такталды. 


Ошол эле күнү дагы бир талапкер Акрам Хан Дурранини өлтүрүүгө багытталган жардырууда төрт киши курман болуп, 30тан ашуун киши жаракат алган. Чабуулдан кийин жасаган билдирүүсүндө ал бийлик коопсуздук коркунучтары тууралуу буга чейин эскерткенин билдирип, "Мен аманмын, бирок жанымдагылар жабыркашты"-деп айтты.


Крикет жылдызы, сурамжылоолордун натыйжасында "Терик-ин Инсаф" партиясы менен алдыда бараткан Имран Хан чабуулду сынга алды. 


13-июлдагы жардыруулар үчүн жоопкерчиликти эч ким ала элек. 

Читайте на сайте