Абжалиев агасы журналисттер жазгандан кийин кызматтан кеткенин билдирди (видео)
Жогорку Кеңештеги "Республика - Ата-Журт" фракциясынын депутаты Алиярбек Абжалиев агасы Ихтияр Абжалиевдин "Мегаком" мобилдик компаниясынын логистика бөлүмүнүн жетекчилигинен кеткен себебин "Азаттыкка" айтып берди. Ал бир тууганы операция болуп, ооруканада жатканын, ошол жактан арыз жазып бергенин, журналисттерге нааразы экенин билдирди. Анын айтымында, агасынын арыз жазышына маалымат каражаттарына чыгып кеткен кабар себеп болгон.
- Агам Бажы тармагында иштеп, 2-3 облуста жетекчи болгон. Пенсияда болчу. Кийин 5-6 мекемеге резюмесин берген экен. Анын резюмесин карап, ошол жакка ("Мегакомго") бөлүм башчылыкка чакырышыптыр. Бул бир жума мурун болгон. Эми кечээ аны журналисттер көтөрүп чыкты. Бирок ал да өз оокатын кылыш керек. Аны бирөө бакпайт да.Качканга дагы, кууганга дагы Кудай бар. Жакшы жагын да айтыш керек да. Ушундай деңгээлде иштеген экен, ал бөлүм башчылыкка эмес "Мегакомго" барса да татыктуу экен деп. Мурун шоопурлар, жан сакчылар чоң кызматтарга, министрликтерге баса унчукпай отуруп, азыр жаман жагын көрсөтүп жатышат.
Алиярбек Абжалиевдин бир тууганы Ихтияр Абжалиев "Мегаком" деген бренд катары белгилүү "Альфа-Телеком" акционердик коомунун логистика бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалганы 20-ноябрда ачыкка чыгып, аны биринчилерден болуп "Азаттык" жазган.
Ушул эле күнү Ихтияр Абжалиевдин кызматтан өз арызы менен кеткени белгилүү болгон.
Алиярбек Абжалиев - президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы. Анын уулу Жээнбековдун кызына үйлөнгөнү маалым.
"Альфа-Телеком" акционердик коому Кыргызстандагы эң кирешелүү компаниялардын бири. (BTo/NT)