World News

Мурат Раматов Жети-Өгүз районунун акими болуп дайындалды

Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз райондук администрациясынын башчысы болуп Мурат Раматов дайындалды. Бул тууралуу буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.


Жаңы акимди 21-декабрда Жети-Өгүз районунун активине өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиев тааныштырды.


2014-жылдан бери бул кызматты Калысбек Жүдеев аркалап келген. Ал облус башчысынын сунуштамасы менен иштен кеткен.


45 жаштагы Мурат Раматов Каракол шаарында төрөлгөн. Ал 2014-2016-жылдары Жети-Өгүз районунун акиминин орун басары болуп иштеген. 2017-жылдан ушул убакыта чейин Барскоон айыл аймагынын депутаты болуп турган. (AsM)

Читайте на сайте