Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын бюджетин колдоого 50 млн доллар берет
Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын бюджетине 50 млн долларлык колдоо көрсөтөт. Анын 43 млн доллары насыя, 7 млн доллары грант түрүндө берилет. “Ынтымак Ордодон” билдиргендей, каржылык колдоо боюнча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. 2024-жылдын 4-июлунда кол коюлган “Туруктуу финансылык башкарууну жана мамлекеттик башкарууну жакшыртуу программасы” деп аталган насыялык жана гранттык макулдашуу түзүлгөн. Аны ратификациялоо мыйзамын Жогорку Кеңеш 13-ноябрда кабыл алган. Читать дальше...