2024-жылдын тогуз айында (январь-сентябрь) Кыргызстандын финансы тармагында иштеген уюмдар 115 млрд сомдон ашуун киреше табышты. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети жарыялады. Бул көрсөткүч менен алардын кирешеси 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 26% (дээрлик 24 млрд сом) өскөн. Көбүнчө коммерциялык банктардын кирешеси көбөйгөн.
Тогуз айда өлкөнүн финансы тармагында 619 уюм иш алып барган. Анын ичинде Улуттук банк, 21 коммерциялык банк, 581 банктык эмес финансы-насыялык уюмдар жана 16 камсыздандыруу компаниялары бар. Читать дальше...