Сербияда түмөндөгөн кишилер өкмөткө каршы акцияга чыкты
Сербиянын баш калаасы Белградда 22-декабрдын кечинде өкмөткө каршы нааразылык акциясы өттү. Чогулгандар бир нече жумадан бери чыгып жаткан Белград университетинин студенттерине тилектештик билдиришти. Студенттер 1-ноябрдагы окуяга күнөөлүү адамдардын жоопко тартылышын талап кылып жатышат. Ноябрдын башында өлкө түндүгүндөгү Нови-Сад шаарындагы темир жол бекетинин чатыры кулап кетип, 15 адамдын өмүрү кыйылган. Ички иштер министрлигинин эсебинде жекшембиде Белграддагы митингге 28-29 миңдей киши топтолду. Читать дальше...