Москва шаардык соту Американын жараны, Орусияда туулуп-өскөн Южин (Евгений) Спекторду 15 жылга эркинен ажыратты. Аны тыңчылыкка айыпташууда.
Батыш мамлекеттери Москва чет элдик жарандарды туткундарды алмашууда колдонуу үчүн атайын кармап жатат деп айыптап келишет.
Спектор 2023-жылдын август айында кармалган. Сот жараяндары ушул күнгө чейин жабык өтүп келгендиктен, ал эмнеге айыпталып жатканы так белгисиз. Иште кандайдыр бир жашыруун маалыматтар бар экени айтылган. Спекторго ошондой эле башка иш боюнча 15 миллион рублдай айып пул салынды. Читать дальше...