Президент Садыр Жапаров жаңы жылдык куттуктоосунда Улуттук илимдер академиясынын имараты оңдолуп, материалдык-техникалык базасын чыңдоо иштери жүргөнүн билдирди.
"Академия мамлекеттин интеллектуалдык флагманы болушу керек", - деген президент эми кызматкерлердин айлыгы көтөрүлөрүн жарыялады.
Улуттук илимдер академиясы бир нече илимий институттан турат. Мекеме өткөн кылымдын 50-жылдарында негизделген.
2023-жылдагы маалымат боюнча, академияга караштуу 20 илимий мекеме бар. Жалпы 1 575 киши эмгектенсе, анын 880ден көбү илимий кызматкер. Читать дальше...