"Беш сааттай кезек күттүк". Жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылгандар көбөйдү
Жаңы жылдык эс алуу күндөрү Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында кезек күткөндөр көбөйдү. Алар кабыл алган дарыгерлер жетишсиз экенин, бир бейтап беш саатка чейин күтүп калып жатканын айтууда.