Алматыда камалган активист Темирлан Енсебекти колдоп жалгыз пикетке чыккан журналист жана активист Асем Жапишеваны сот 15 суткага камоо чечимин чыгарды. Бул тууралуу анын адвокаты Галым Нурпеисов билдирди. Анын айтуусуна караганда, Жапишева соттун чечимине макул эмес жана доо арыз менен кайрылууну көздөп жатат.
“Сатира - кылмыш эмес” деген жазуусу бар кагаз көтөрүп пикетке чыккан Жапишеваны полиция 20-январда кармап кеткен.
19-январда Енсебекти колдоп пикетке чыккан дагы бир журналист Руслан (Рус) Бикетов 15 суткага камалган. Читать дальше...