Бишкек милициясы жашырылган курал-жарак табылганын билдирди
Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы шаардын аймагында курулуп бүтө элек үйлөрдүн биринен курал-жарак жана ок-дарылар катылган жашыруун жай табылганын билдирди. Шаардык милициянын маалыматына ылайык, 9 мм калибрдеги макаров тапанчасы, 5 граната, ар түрдүү калибрдеги 500дөн ашуун ок-дарылар, 2023-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) атайын операциясында өлтүрүлгөн кримтөбөл Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) анын жансакчысы жана Ж.Т. (каймана аты Тоха) бирге түшкөн сүрөт табылган. Читать дальше...