№13 округдан шайлоого катышып жаткан айрым талапкерлер нааразылыгын билдирүүдө
Жыйынтыгы жокко чыгарылып, кайрадан шайлоо жарыяланган №13 округдан шайлоого катышып жаткан айрым талапкерлер Боршайкомдун акыркы чечимине нааразылыгын билдирип жатышат. "Азаттык" алардын айрымдары менен байланышканда Борбордук шайлоо комиссиясы мыйзам алдында жооп бериши керектигин талап кылышты. Талапкерлердин бири Нуркан Койчуманова БШКнын 13-февралдагы чечимин мыйзамсыз деп сыпаттады: "БШКдан Шайназаров (БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров - ред.) баш болуп таза шайлоо өткөрөлү деп жыйындарды өткөрүшкөн. Читать дальше...