World News

Бишкекте коомдук транспортто накталай төлөм жоюлат

Бишкек шаарында 2-декабрдан тартып коомдук транспорт, автобустун айдоочуларына жол кире үчүн накталай акча төлөө планы жокко чыгарылат. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлашты. Маалыматка караганда, ушул күндөн тартып автобустардагы жүргүнчүлөрдү эсептөө системасы аркылуу төлөмдөрдү көзөмөлдөө күчөтүлөт.


“Эгерде иш жүзүндөгү төлөм менен салыштырганда каражаттын жетишсиздиги аныкталса, айдоочуларга мыйзам чегинде чара көрүлөт”, - деп белгиленген маалыматта.


Буга чейин Бишкек шаардык мэриясы коомдук транспортто накталай төлөгөндөргө жол кирени 40 сомго чейин көтөрүү сунушун берген. Бул шаар тургундарынын талкуусун жараткан.


Президент Садыр Жапаров Бишкек мэриясынын сунушуна байланыштуу пикирин билдирип, накталай төлөмдөр көбүнесе айдоочунун чөнтөгүнө кетип жатканын Фейсбук баракчасына жазган. Ошону менен катар акчаны алууга алаксыган айдоочу жол эрежесин бузуп, кырсыктар катталып жатканын белгилеген. Президент шаар тургундарын жол кирени 17 сомдон төлөө үчүн карта сатып алууга үндөгөн.


Ушул тапта автобус жана троллейбуста жол кире “Тулпар” жана банк карталары менен 17 сом, накталай 20 сом, MegaPay сервиси аркылуу 11 сом, менчик автобус жана кичи автобустарда 20 сом. Борбордо жол кире акыркы жолу быйыл январь айында көтөрүлгөн.



Учурда чоңдор үчүн айына 1020 сомдук стандарттуу, мектеп окуучулары болсо айына 360 сомго жол "Тулпар" карталарын (чексиз, лимити жок) сатып алышат.



Бүгүнкү күнү шаарда каттамга күнүгө 1200дөн ашуун автобус чыгып жатат. (КЕ)




 

Читайте на 123ru.net