World News in Kyrgyz

14-мартка карата аба ырайы тууралуу маалымат

14-мартта Кыргызстандын аймагында маал-маалы менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.


Абанын температурасы:


Чүйдө түнкүсүн -2...+3, күндүз 1…6;


Таласта түнкүсүн -3…+2, күндүз 0...5;


Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 1…7, күндүз 5…10;


Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…5, күндүз 4…9;


Нарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…5;


Бишкекте маал-маалы менен жаан жаайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 1…3, күндүзгү жогорку температурасы 4…6 градус болот.

Читайте на сайте