World News in Kyrgyz

Сапар Исаковдун отставкасына каршы беш миңдей кол чогултулду

Сапар Исаковдун премьер-министрликтен кетишине каршы петицияга 4830 адам кол койду. Кол чогултуу change.org платформасында жүрүүдө. Жарыя Сапар Исаков кызматтан алынган күнү эле жайгаштырылып, аны колдогондор президенттен бул отставканы кабыл албоону суранышкан. 


Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун өкмөтүнө парламент ишенбестик көрсөтүп, 19-апрелде кызматтан кеткен. Тийиштүү жарлыкка президент ошол күнү кол койгон.


20-апрелде өкмөт башчылык кызматка Мухаммедкалый Абылгазиев дайындалды. Анын талапкерлигин Жогорку Кеңеш жактырып, мамлекет башчы жарлык чыгарды. Абылгазиев кызматты аткарууга 21-апрелде киришти.

Читайте на сайте