World News in Kyrgyz

Бишкек-Торугарт жолунда автоунаа кыймылына чектөө киргизилет

Транспорт жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, Боом капчыгайында 14-майдан 18-майга чейин атайылап таш кулатуу иштери жүрөт. Түрдүү кырсыктарды алдын алуу максатында ушул күндөрү 9:00дөн 16:00гө чейин жол маал-маалы менен жабылат.


Жолдогу чектөөгө ИИМдин Кайгуул-күзөт башкармалыгынын кызматкерлери көзөмөл кылат. Ал эми Ысык-Көл тарапка баруучу автомашиналар айланып өтүүчү жол аркылуу өткөрүлөт. (КЕ)

Читайте на сайте