World News in Kyrgyz

Жергиликтүү кеңештердеги шайлоодо элдин 25% добуш берди

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо түшкү саат 13:00гө карата 11 660 адам добуш берди. Бул тизмеге кирген жалпы шайлоочулардын 25,66 пайызын түзөт. Алты жергиликтүү кеңештеги шайлоого бардыгы болуп 45 447 шайлоочунун тизмеси киргизилген.


- Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылдык кеңешинде 30.81%;


- Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинде 30.30%;


- Токтогул шаардык кеңешинде 25.72%;


- Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеӊешинде 20.72%;


- Сокулук районунун Сокулук айылдык кеӊешинде 19.21%;


- Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеӊешинде 17.80% шайлоочу катышты.


Бүгүн, 13-майда бир шаардык жана беш айылдык кеңеште шайлоо өтүп жатат. Бардыгы болуп 126 депутат шайланат - 21и шаардык кеңештерге жана 105 айылдык кеңештерге. Добуш берүү 27 шайлоо участкасында болуп жатат. (КЕ)

Читайте на сайте