World News in Kyrgyz

Аба ырайы: 14-майда жаан-чачын болот

Кыргызгидромет ишканасы ушул күндөрү өлкө аймагында жаан-чачын көп болорун, бийик тоолуу райондорго кар түшөрүн маалымдады. Чүй, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ысык-Көлдүн чыгыш тарабында нөшөр болот. Мындай туруксуз аба ырайы 16-майга чейин созулат. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.


14-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Нарын облусунда жана Ысык-Көл ойдуңунда 22 метрге жетет. 


Абанын таемпературасы


Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8...13, күндүз 15...20,


Талас жергесинде түнкүсүн 6...11, күндүз 15...20,


Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 10...15, күндүз 19...24,


Нарын облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 13...18,


Ысык-Көл аймагында түнкүсүн 5...10, күндүз 14...19,


Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...-7, күндүз 0...5 градус болот. 


Бишкек шаарында мезгил-мезгили нөшөр жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 10...12, күндүз 18...20. 

Читайте на сайте