World News in Kyrgyz

14-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат

14-июлда Кыргызстанда тоолуу райондордо мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөп турат. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.


Абанын температурасы:


Чүйдө түнкүсүн 15…20, күндүз 29…34,


Таласта түнкүсүн 11…16, күндүз 28…33,


Баткенде, Ош менен Жалал-Абадда түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36,


Ысык-Көлдө түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25,


Нарында түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25,


Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...+3, күндүз 9…14 градус болот.


14-июлда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 17…19°, күндүзгү жогорку температурасы 31…33° жылуу болот. (ErN)

Читайте на сайте