World News in Kyrgyz

АКШ Украинанын коопсуздугуна 200 миллион доллар бөлөт

20-июлда АКШнын Коргонуу департаменти Украинадагы аскерлерди окутуу, жабдуу жана кеңеш берүү үчүн 200 миллион доллар бөлөөрүн жарыялады.


2014-жылдан бери Украинадагы ички кагылышуулар жана Орусиянын Крымды аннексиялап алуусунан улам АКШ бул өлкөнүн коопсуздук тармагына 1 миллиард доллардан ашуун жардам берди.


2014-жылдын апрелинен бери уланып келаткан кагылышуулардан 10 300 кишинин өмүрү кыйылган. (BCh)

Читайте на сайте