World News in Kyrgyz

Азиада-2018: Денис Петрашов бешинчи орунду ээледи

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында 5-орунга ээ болду.


21-августта "GBK Aquatic Center" комплексинде медалдардын 7 комплекти ойнотулду.


Финалдык таймашка сегиз спортчу катышкан. Петрашов 200 метр аралыкты 2 мүнөт 12.19 секундалык мөөнөттө сүзүп өттү.


Алтын жана күмүш медалдарды жапон спортчулары утуп алышты.

Читайте на сайте