Кеминдеги жол кырсыгында ымыркай каза тапты
Чүйдүн Кемин районундагы Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда "Mercedes Benz" жана "Toyota Harrier" үлгүсүндөгү машинелер кагышып, кырсыктан бир киши жана үч айлык ымыркай каза тапты. Ошондой эле бир нече адам жаракат алып ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынан маалымдашты.
Кырсык 21-октябрда эртең менен болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча "Mercedes Benz" машинесинин айдоочусу уктап кеткен. Кырсыкты тергөө иштери башталды. (TSh)
Кырсык 21-октябрда эртең менен болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча "Mercedes Benz" машинесинин айдоочусу уктап кеткен. Кырсыкты тергөө иштери башталды. (TSh)