World News in Kyrgyz

Тайвандагы поезд кырсыгы 17 кишинин өмүрүн алды

Тайвандын чыгышындагы поезд кырсыкка кабылып, кеминде 17 киши каза тапты.


Жарадарлардын саны 100дөн ашканын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти. Баштапкы маалыматтарга караганда поезд рельстерден чыгып кеткен. "Тайван темир жолдору" ишканасынын маалыматына караганда, Йилан аймагында кырсыктаган тез ылдамдыкта жүрүүчү поезддин ичинде 366 жүргүнчү болгон.



Кырсыктын себептери азырынча белгисиз.

Читайте на сайте