World News in Kyrgyz

22-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат

22-апрелде Кыргызстанда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, тоо этектеринде сел жүрүшү мүмкүн.


Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Нарын, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.


Абанын температурасы:


Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 10…15;


Талас өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 10…15;


Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 6…11 күндүз 13…18;


Ысык-Көлдө түнкүсүн 5…10, күндүз 11…16;


Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 12…17 градус болот. 


22-апрелде Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8°, күндүз 13…15° болушу күтүлөт.

Читайте на сайте