Кабулдагы чабуул үчүн "Ислам мамлекети" тобу жоопкерчилик алды
Ооганстандын Маалымат технологиялар жана байланыш министрлигинин имаратына жасалган чабуулга “Ислам мамлекети” террордук тобу жоопкерчилик алды. Ишембиде болгон кол салууда жети кишинин өмүрү кыйылган. Куралдуу топ өздөрүнүн "Амак" сайты аркылуу тараткан маалыматта атышуу менен коштолгон жардырууну алардын төрт мүчөсү уюштурганы айтылат.
“Ислам мамлекети” террордук тобунун Ооганстандагы бөлүгү 2015-жылдан бери “Талибан” кыймылы, ошондой эле өкмөттүк күчтөр менен да согушуп келе жатат.
Жардыруу катуу кайтарылган “Сирена” отелинен алыс эмес жерде катталган. Бул - чет элдик туристтер жаткан саналуу мейманканалардын бири.