World News in Kyrgyz

«Авангард-Стройдун» жетекчиси мектеп курулушуна байланыштуу камакка алынды

Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Ак-Татыр айылындагы мектептин курулушундагы алешемдиктерге байланыштуу «Авангард-Строй» курулуш компаниясынын башкы директору жана облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчилери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) коомчулук менен байланыш бөлүмү «Азаттыкка» билдирди.  


Кармалгандар Ак-Татырдагы мектепти курууда мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген деп шек саналууда. 


Атайын кызматтын маалыматына караганда, 2014-жылдын 17-сентябрында Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тендердин жыйынтыгында жергиликтүү «Авангард-Строй» жоопкерчилиги чектелген коому менен 275 орундуу мектеп куруу жөнүндө келишим түзгөн. Долбоор 64 миллиондон ашык сомго бааланып, акча бөлүнгөн. Курулуш иштери 2016-жылдын ноябрында бүткөрүлүүгө тийиш эле. Бирок иш белгиленген мөөнөттө бүткөн эмес. Мектеп курулушу боюнча аткарылбаган иштерден мамлекет 8 миллион сомдон ашык зыян тарткан.


Учурда курулуш компаниясынын башкы директору эки айга камакка алынды. Облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдары үй камагында.  


УКМК «Авангард-Строй» негизинен Нарын облусунда иш жүргүзүп келгенин жана анын Бишкектеги «Авангард-Стиль» компаниясы менен байланышы жок экенин билдирди.


Аталган компаниянын камакка алынган жетекчисинин ысымы ачык айтылган жок. Шектүү тарап атайын кызматтын маалыматына пикир билдире элек. (NT)

Читайте на сайте