Миң жылга тете эгемендик жылдар
Быйыл Кыргызстандын көз карандысыз эгемен өлкө катары жашап жатканына чейрек кылым болду. Так 25 жыл мурда, кыдыр жылоолоп, бак даарып, Тарых менен Мезгил эч кандай кан төгүүсүз колубузга эгемендикти ыроолоп берди. Ошол күндөн баштап кыргыздар өз жеринде өзүнүн Кызыл Туусун желбиретип, азаттыгын даңаза кылган Ыр-Гимнин ырдап, өз киндигин өзү чечүү бактысына ээ болду. Бул чынында кыргыздар үчүн кылым бою самаган, нечен замандар бою кан төгүп, тукум курут боло жаздап, жоголуп, кайра куралып отуруп жеткен баа-куну жок Азаттыгы эле. Читать дальше...