World News in Kyrgyz
Февраль
2018

Новости за 13.02.2018

Azattyk.org 

Блумберг: АКШнын Сириядагы соккусунан орусиялык жалданма жоочулар мерт болду

"Блумберг" агенттиги кабарлагандай, Сириядагы АКШнын соккуларынан көптөгөн орусиялык жалданма жоочулар мерт болду. Окуя өткөн аптада мунайга бай Дейр-эз-Зор аймагында болгон. Анда АКШ башында турган эл аралык коалициянын күчтөрү өкмөттүк армиянын базасына каршы сокку урган. Чабуулда ар кыл эсептер боюнча президент Башар Асадды колдогон эки жүздөй ашуун аскер набыт кеткен. "Блумберг" алардын көбү орусиялык жалданма жоочулар болгонун жазат. Ал эми Вашингтондун расмий өкүлү чабуулда 100дөй жоокер курман болуп... Читать дальше...

Azattyk.org 

АКШнын Сириядагы соккусунан орусиялык жалданма жоочулар мерт болду

"Блумберг" агенттиги кабарлагандай, Сириядагы АКШнын соккуларынан көптөгөн орусиялык жалданма жоочулар мерт болду. Окуя өткөн аптада мунайга бай Дейр-эз-Зор аймагында болгон. Анда АКШ башында турган эл аралык коалициянын күчтөрү өкмөттүк армиянын базасына каршы сокку урган. Чабуулда ар кыл эсептер боюнча президент Башар Асадды колдогон эки жүздөй ашуун аскер набыт кеткен. "Блумберг" алардын көбү орусиялык жалданма жоочулар болгонун жазат. Ал эми Вашингтондун расмий өкүлү чабуулда 100дөй жоокер курман болуп... Читать дальше...

Azattyk.org 

Түркия: оппозициячынын жазасы жеңилдетилди

Түркияда сот оппозициячыл саясатчы, мурдагы депутат Энис Бербероглунун 25 жылдык жаза мөөнөтүн бир нече эсе кыскартты. Бирок Элдик-Республикалык партия ишти саясий куугунтук деп баалап, анын акталышын талап кылууда.

Azattyk.org 

Саакашвили: мыйзамдуу жолдор менен Украинага кайтам

Грузиянын мурдагы президенти, Украинадагы "Жаңы күчтөрдүн кыймылы" оппозициячыл кыймылынын лидери Михаил Саакашвили Польшадан баш паанек сурабай турганын жана Украинага мыйзамдуу жолдор менен кайтууну көздөп жатканын айтты. 13-февралда Варшавада өткөргөн маалымат жыйында ал Украинанын жараны экенин баса белгиледи. Саакашвили Украинадан депортацияланганы үчүн өлкө президенти Петро Порошенкону айыптады. Саясатчынын айтымында, Порошенко өлкөнү бөлүп-жарып, коррупцияга каршы күрөшкөн адамдардан арылгысы келет. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кара-Суудагы уулануунун себеби аныктала элек

Ош облусунун Кара-Суу районунда тамакка ууланып ооруканага түшкөн 12 бейтаптын бешөөнүн абалы дагы эле оор. Алардын төртөө эки жарым жаштан үч жарым жашка чейинки наристелер. Дарыгерлер бейтаптардын саламаттыгы көзөмөлдөнүп жатканын билдиришүүдө.

Azattyk.org 

Тойдо ууланган беш адамдын абалы оор

Ош облусунун Кара-Суу районунда тамакка ууланып ооруканага түшкөн 12 бейтаптын бешөөнүн абалы дагы эле оор. Алардын төртөө эки жарым жаштан үч жарым жашка чейинки наристелер. Дарыгерлер бейтаптардын саламаттыгы көзөмөлдөнүп жатканын билдиришүүдө.

Azattyk.org 

Украина Саакашвилини Варшавага өткөрүп берди

12-февралда Украинанын Чек ара кызматы Киевдин борборунда Грузиянын экс-президенти, украиналык “Жаңы күчтөрдүн кыймылы” оппозициялык бирикмесинин лидери Михаил Саакашвилини кармап, Варшавага өткөрүп берди. Былтыр сентябрда Саакашвили Польша аркылуу Украинага кирген эле.

Azattyk.org 

Орусиядагы учак кырсыгынын болжолдуу себеби аныкталды

Москвадан алыс эмес жерде Ан-148 учагынын кырсыкка кабылышына датчиктер тоңуп калып, ошондон улам ылдамдыкты туура эмес көрсөткөнү себеп болушу мүмкүн. Москвада жайгашкан эл аралык авиация комитетинин өкүлдөрү учактын "кара кутуларындагы" маалыматтарды чечмелеген соң азырынча ушундай тыянакка келишти. "Кара кутулардагы" маалыматтар учак кулаарда эки датчик эки башка ылдамдыкты көрсөтүп турганын айгинелеген. Биринде ылдамдык тез көтөрүлүп кетсе, экинчисинде нөлдү көрсөтүп турган. Мындай айырмадан соң экипаж автопилотту өчүрүп... Читать дальше...

Azattyk.org 

Сот, укук коргоо жана көзөмөл кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнүн ишкерлиги чектелет

Сот, укук коргоо жана көзөмөл кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрүнө чет элдик ишканалардын баалуу кагаздарын, акцияларын жана уставдык капиталдагы үлүштөрүн сатып алууга тыюу салынат. Мындай тыюуну мыйзамдык жактан камсыз кылууну президент Жээнбеков 13-февралда кол койгон чечими менен Жогорку Кеңешке жана башка тиешелүү органдарга тапшырды. Чечимде жогоруда сөз болгон органдардын кызматкерлери өкмөт тарабынан гана аныкталган банктарда эсеп ачууга милдеттендирилет. Алардын кызматтык китепчесине 200... Читать дальше...

Azattyk.org 

Президент Жээнбеков коррупцияга каршы күрөш боюнча чечимге кол койду

Мамлекет башчы “Кыргызстандын сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча актуалдуу чаралар жөнүндө” Коопсуздук кеңешинин чечимине 13-февралда кол койду. Чечимдин долбоору 8-февралда президенттин төрагалыгы алдында өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында кабыл алынган.  Чечимде укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарында коррупцияны жоюу жана аны пайда кылуучу себептерди жок кылуу, бул тармактардын аброюн жана жарандардын аларга болгон ишенимин жогорулатуу, тиешелүү... Читать дальше...

Azattyk.org 

Швецияда террорчулукка шектелген өзбекстандыктын соту башталды

Швециянын баш калаасы Стокгольмдо былтыр жазында теракт уюштурду деп айыпталып жаткан Өзбекстандын жараны Рахмат Акиловдун соту башталды. Прокуратура соттон аны өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратууну талап кылып жатат. Акилов кийинки аптада өз көрсөтмөлөрүн берет. Соттук угуулардын акыркысы 9-майга белгиленген. Соттун өкүмү жай башында чыгарылары күтүлүп жатат. 39 жаштагы өзбекстандык жаран башкарган жүк ташуучу автоунаа 7-апрелде Стокгольмдо элди тебелеп, соода борбордун имаратын сүзүп өрттөнүп кеткен. Читать дальше...

Azattyk.org 

Акыйкаттык үчүн кыйылган өмүр

Укук коргоочу, экономист Шералы Назаркулов Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине каршы саясий ачкачылык жарыялап, 2002-жылы 7-февралда акциянын 22-күнү каза болгон. Назаркуловдун өлүмү Кыргызстандын тарыхындагы айрым орчундуу окуяларга себеп болду.

Azattyk.org 

Бир нече депутат Өмүрбек Текебаевдин ал-жайын көрүп чыкты

№47 абакта камалып жаткан Өмүрбек Текебаев өзүн күнү-түнү тартып турган көзөмөл камерасы психологиялык басым кылып жатканын билдирип, аны алып салуу тууралуу өтүнүчүнө Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы көңүл бурбай жатканына нааразы болуп жатат. Бул тууралуу Текебаев менен 13-февралда жолугуп чыккан Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев "Азаттыкка" айтып берди:  - Текебаев жалпы шартына нааразы эмес. Бирок эки шартына түрмө жетекчилиги көңүл бурбай жатыптыр. Биринчиси - аны күнү-түнү тартып турган көзөмөл камерасын алып салуу өтүнүчү. Читать дальше...

Azattyk.org 

Террорчу деп шектелген өзбекстандык соттолууда

АКШ жана Орусия президенттери Жакынкы Чыгыштагы жаңжалды телефон сүйлөшүүсүндө талкуулашты. Швецияда былтыр Стокгольмдо теракт жасаган деп айыпталып жаткан өзбек жаранынын соту башталды. Михаил Саакашвили Киевден Варшавага күч менен кайтарылганын "адам уурдоо" деп атады.

Azattyk.org 

Терроризмге шектелген Акиловдун соту башталды

Швециядан башпаанек сураган 39 жаштагы өзбекстандык жаран былтыр апрель айында Стокгольмдо террордук чабуул койгон деп айыпталууда. Анын соту шейшембиде башталды. Швециянын тарыхындагы эң кандуу кол салууда беш киши каза таап, 15тей адам жарадар болгон.

Azattyk.org 

Депутат: Бектур Асановдун абалы оор

Абакта ачкачылык кармап жаткан саясатчылар менен Жогорку Кеңештин депутаттары таанышып чыкты. Бул тууралуу №47 абакка кирип чыккан парламент депутаты Жанар Акаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, ачкачылык кармап жаткан саясатчылардын саламаттыгы начарлап кеткен.

Azattyk.org 

Түштүк Кореянын экс-президентинин курбусу 20 жылга кесилди

Түштүк Кореядагы сот мамлекеттин мурдагы президентинин курбусун жыйырма жылга абакка кести. Чхве Сун Силь "паракорлук кылган жана өлкөнүн саясий иштерине кийлигишкен" деген кинелер боюнча күнөөлүү деп табылды. 13-февралда чыккан соттун өкүмүнө ылайык ал 16,5 миллион доллар өлчөмүндө айыппул төлөөгө да милдеттендирилди. Чхве Сун Силь бир нече жыл бою Түштүк Кореянын экс-президенти Пак Кын Хенин кеңешчиси болуп турган. Эки жыл мурда саясий чуу чыгып, тергөөнүн натыйжасында Чхве Сун Силь өз таасирин колдонуп... Читать дальше...

Sputnik Кыргызстан (sport) 

"Ак аюну" жеңген Проценко: Тилек Жээнбековго дагы өз ыкмамды колдоном

Былтыр, 9-декабрда, кыргызстандык JFC лигасынын турниринде украиналык мушкер Юрий Проценко "Ак аюу" каймана аты менен белгилүү Мыктыбек Мамасалиевди муунтуу ыкмасы менен жеңген.

Azattyk.org 

Депутаттар абакта ачкачылык кармаган саясатчылардан кабар алышты

Абакта ачкачылык кармап жаткан саясатчыларды Жогорку Кеңештин депутаттары көрүп чыгышты. Бул тууралуу №47 абакка кирип чыккан парламент депутаты Жанар Акаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, ачкачылык кармап жаткан саясатчылардын саламаттыгы начарлап кеткен.  - Айрыкча Бектур Асановдун абалы оор экен. Түрмөнүн дарыгерлери анын кан басымы кескин төмөндөп кеткенин билдиришти. Ошондуктан дарыгерлер саясатчы акциясын токтотпосо кесепети оор болорун эскертишти. Биз да ачкачылыкты токтотушун сурандык. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кара-Сууда тамак-аштан уулангандардын саны он экиге жетти

Ош облусунун Кара-Суу районунда уулануу белгилери менен ооруканага түшкөндөрдүн саны он экиге жетти. Райондук бейтапкананын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы Абдыгапар Гаипов "Азаттыкка" билдиргендей, уулангандардын ичинен беш киши оор абалда реанимацияда жатат. Алардын төртөө эки жарым жаштан үч жарым жашка чейинки наристелер: - Бизге келгенден кийин ашказандарын жууп, керектүү дары-дармек  берип жардам көрсөттүк. Азыр балдар бөлүмүндө төрт бала бар. Ал эми биздин бөлүмдө эки наристе, андан тышкары алты киши дарыланууда. Читать дальше...

Azattyk.org 

Чүйдө ок атууга жеткирген жаңжал иликтенүүдө

Чүйдүн Жайыл районунда эки киши жолдо чатакташып, бири экинчисин травматикалык тапанча менен башка атып жарадар кылды. Жабырланган киши ооруканага жеткирилген.  Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, окуя 9-февралда болгон. Тапанча аткан киши автоунаасына отуруп качып кеткен. Анын машинеси BMW үлгүсүндө экени айтылууда.  Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 234 ("Бейбаштык") беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, шектүүнү кармаган. Ал Панфилов районунун 25 жаштагы тургуну экени маалымдалды. Шектүүдөн травматикалык тапанча табылып... Читать дальше...

Azattyk.org 

Батирлерди мейманкана катары колдонуу сунушу үчүнчү окууда колдоо тапты

Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети 13-февралда Турак жай кодексине жана Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодеске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда колдоду.  Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, долбоорду Алтынбек Жунус уулу баштаган депутаттар тобу иштеп чыккан. Анда Кыргызстандагы көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлерди мейманкана катары колдонуп, пайда көрүүгө уруксат берилет. Ал эми батирлерди ижарага берген учурда мыйзамсыз иштер болсо... Читать дальше...

Azattyk.org 

Дооронбек Садырбаевдин "Даанышман" аттуу беш томдук китеби чыкты

Дооронбек Садырбаевдин "Даанышман" деген беш томдук китебинин бет ачары 13-февралда Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада болду. Китепти Садырбаев атындагы кайрымдуулук фонду чыгарды. Жыйынга коомдук жана саясий ишмерлер катышты. Айтылуу кинорежиссёр, акын жана жазуучу, коомдук-саясий ишмер Дооронбек Садырбаев 1939-жылы Ноокен районунун Апыртан айылында туулган. 1995-жылдан 2008-жылга чейин Жогорку Кеңештин депутаты болгон. "Кайран эл" саясий партиясын түзгөн. 70тен ашык даректүү, 16 көркөм тасманын, сегиз китептин автору. Читать дальше...