World News in Kyrgyz
Май
2019

Новости за 13.05.2019

Azattyk.org 

Матраимов экс-президентке жооп кайтарды

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов видеокайрылуу таратып, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин айыптарына жооп кайтарды.

Azattyk.org 

Матраимов Атамбаевге: Сиз менен күрөшүүгө күчүм жетет (видео)

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов видеокайрылуу таратып, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин айыптарына жооп кайтарды. Матраимов атасынын элесине арналган Кара-Сууда өткөн иш-чарага токтолуп, аны "Атамбаевге таандык басылмалар көбүртүп, каралаганын" айтты. Ал спорттук иш-чара мурдатан эле өтүп келгенин, ага Атамбаев өзү да мурдагы кеңешчиси Икрам Илмиянов баштаган топту жөнөткөнүн билдирди. Матраимов өзүнүн карьералык өсүшүнө да токтолуп, экс-президенттин... Читать дальше...

Azattyk.org 

Швецияда Ассанжга каршы иликтөө кайра жанданды

Швеция "Викиликстин" негиздөөчүсү Жулиан Ассанжга тагылган зордуктоо айыптары боюнча баштапкы иликтөөнү кайра жандандырды. Бул тууралуу Швеция прокуратурасынын расмий өкүлү Ева-Мария Перссон 13-майда Стокгольмдо билдирди. Анын айтымында, Ассанждын өткөн айда Эквадордун элчилигинен чыгып, британ тартип коргоо органдарынын колуна түшкөнү аны суракка алууга мүмкүнчүлүк түздү.  Швецияда Ассанжга карата иликтөөнү кайра жандандыруу чечимине 2010-жылы анын зомбулугуна кабылганын айткан аялдын кайрылуусу себеп болгон. Читать дальше...

Azattyk.org 

Элчинин дооматы эски жараны козгоду

Түркиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчисине окшош адамдын Кыргызстандын муфтийи баштаган дин кызматкерлерине кескин таарынычы чагылдырылган тасма коомчулукта кызуу талкууланып жатат.

Azattyk.org 

Британия Перс булуңунда чатак чыгышы мүмкүн экенин эскертти

Британиянын тышкы иштер министри Жереми Хант Перс булуңунда АКШ менен Ирандын ортосунда «кокустан» чатак чыгып кетиши мүмкүн экенин эскертти. Британиянын башкы дипломаты мындай оюн бүгүн, 13-майда Ирандын өзөктүк келишимин сактап калуу маселеси боюнча Брюсселдеги жыйынга катышаар алдында журналисттерге билдирди. - Биз абалдын чыңалуусу менен кокустан жаңжал чыгып кетүү коркунучу жаралып жатканына тынчсызданып турабыз. Биз мындай кооптонуубузду Европадагы кызматташтарыбызга, АКШнын мамлекеттик катчысына билдиребиз. Читать дальше...

Azattyk.org 

БУУ Ооганстанда зордук-зомбулук күч алганын билдирди

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Ооганстанга жардам берүү миссиясы мусулмандар үчүн ыйык орозо айында күчөгөн зордук-зомбулуктан карапайым адамдар жапа чегип жатканына «терең тынчсыздануусун» билдирди. 13-майда таратылган билдирүүдө миссия «Талибан» кыймылын «атайылап карапайым элди бутага алып жатат» деп айыптады. БУУнун өкүлдөрү «Фарах жана Нимроз чөлкөмдөрүндө НАТО баштаган коалициялык күчтөрдүн баңгизаттарды чыгарган жайлар деп эсептелген жерлерге урган соккуларынан бейкүнөө адамдар курман болду» деген маалыматтарды текшерип жатышат. Читать дальше...

Пресс.kg 

Депутат предлагает запретить выступление звезд шоу-бизнеса на предстоящих выборах

Депутат Жогорку Кенеша Бакыт Торобаев предлагает запретить во время предвыборной агитации на предстоящих выборах-2020 праздничные концерты и театрализованные представления. По его словам, не все партии могут оплатить выступления звезд отечественного шоу-бизнеса, они требуют очень высокие гонорары. Условия же агитации должны быть равными для всех участников.   «Поэтому мы и предлагаем запретить увеселительные мероприятия. Ограничимся только встречами с избирателями и дискуссиями в СМИ. Я понимаю,... Читать дальше...

Пресс.kg 

Отец три раза за ночь насиловал родную дочь. Девочка родила ребенка

Узгенский районный суд вынес решение по уголовному делу 46-летнего Маджида (имя изменено, М.М.М.). Об этом сообщается в постановлении суда. Маджид в июле 2018 года примерно в 01:00 в селе Кош-Коргон Узгенского района применил физическую силу в отношении девятиклассницы и изнасиловал ее. Девочка забеременела от него. По словам Маджида, потерпевшая является его дочерью, супруга скончалась от […]

Пресс.kg 

Не верьте рекламе! Моя мама заплатив 46 тысяч сомов за лечение в клинике «Гонконг», перестала ходить

Бишкекчане жалуются на китайских специалистов, не сумевших дать ошеломительный эффект, о котором говорят в рекламе Кыргызстанка жалуется на сотрудников столичной клиники «Гонконг», которые, получив 46 тысяч сомов, не смогли дать ошеломительный результат лечения, который рекламируют по телевизору. Об этом Vesti.kgповедала Гулина Питер.   — Моя мама, Батма, две недели назад прошла курс лечения в клинике «Гонконг», […]

Azattyk.org 

Түрк элчисин капа кылган ооз ачар

Европа биримдиги Иран менен өзөктүк келишимди мурдагыдай эле колдоорун билдирди. Тажикстанда жол кырсыктарынан жугуштуу ооруларга караганда көп киши каза табат. Муфтият Түркиянын элчиси ооз ачардан нааразы болуп чыгып кеткенин бышыктады.

Azattyk.org 

Ак-Суу районунун тургундары эс алуу жайын жабууну талап кылышты

Ак-Суу районунун 30 чакты тургуну аймактагы «Ак-Суу кенч» эс алуу жайын жабууну талап кылып чыкты. Алар эс алуу жайындагы бассейндин суусу Ак-Суу дайрасына куюп жатканына нааразы болуп жатышат. Мындан сырткары аталган аймакта мыйзамсыз курулуштар жүрүп жатканы тууралуу кеп козголуп, аны текшерүү талабы коюлду.  Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, эс алуу жайын текшериш үчүн райондук деңгээлде комиссия түзүлгөн. Ага райондук акимчиликтин, Мамэкотехинспекциянын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин... Читать дальше...

Azattyk.org 

Сузакта наристенин сабалышы боюнча кылмыш иши козголду

Жалал-Абад облустук ооруканасына эс-учун жоготкон, оор абалда жеткирилген наристени сабалышы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, тергөө иштеринин жүрүшүндө наристенин денесине зыян келгени билинип, «Анча оор эмес залал келтирүү» беренесинин негизинде иш козголду. Учурда сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатат. 7-май күнү кечинде «Тез жардам» кызматы Сузак районунун Жалгыз-Жаңгак айылынан алып келген эки жашар кыз оор абалда... Читать дальше...

Azattyk.org 

Шаштыны кетирген шайлоо мыйзамдары

Бишкекте 2020-жылы өтүүчү парламенттик шайлоонун кооптуу жагдайлары жана бир нече депутаттар сунуш кылып жаткан мыйзам долбоорлору талкууга алынды.

Azattyk.org 

14-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

14-майда түнкүсүн Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7...12, күндүз 23...28, Талас жергесинде түнкүсүн 7...12, күндүз 23...28, Ошто, Жалал-Абадда, Баткенде түнкүсүн 11...16, күндүз 26...31, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 16...21, Нарын аймагында түнкүсүн 4...9, күндүз 16...21, Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...-7... Читать дальше...

Azattyk.org 

Арменияда экс-президент Кочаряндын соту башталды

Армениянын баш калаасы Ереванда мурдагы президент Роберт Кочаряндын соту башталды. «Азаттыктын» армян кызматынын кабарчысы билдиргендей, 13-майдагы соттук териштирүүдө Кочарянды күрөөгө бошотуу же үй камагында кармоо маселеси каралып жатат. Арменияны 1998-2008-жылдары башкарган 64 жаштагы Роберт Кочарян «полицияга 2008-жылкы президенттик шайлоодогу бурмалоо боюнча нааразылык билдирип чыккан адамдарга каршы күч колдонууга буйрук берди» деген негизде соттолуп жатат. 11 жыл мурда болгон бул окуялардан... Читать дальше...

Azattyk.org 

Атасы сабаган алты жашар бала ооруканага түштү

Атасы сабаган алты жашар бала ооруканага түштү. Бул маалыматты Бишкек милициясынын басма сөз кызматынын өкүлү Улан Жумаков «Азаттыкка» ырастады. Анын айтымында, окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды. 12-майда Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери катуу сабалган баланы балдар ооруканасына жеткиришкен. Иш боюнча Жазык кодексинин 75-беренесинин 2-пункту боюнча («Үй-бүлөдөгү зомбулук») кылмыш иши козголду. Баланы атасы урганы айтылып жатат. Азыр экспертиза дайындалды. Читать дальше...

Azattyk.org 

«Инфокомдун» башчысы үй камагына чыкты

Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук соту «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын башчысы Талант Абдуллаевдин бөгөт чарасын карап, аны үй камагына чыгарды. Бул маалыматты сөз болуп жаткан сот «Азаттыкка» ырастады. «Абудаллаевдин бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча прокуратура тарабынан сунуш киргизилди», деп билдирди соттун басма сөз кызматы. Тендер чырына байланыштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Руслан Сарыбаев менен бирге статс-катчы Данияр Бакчиев жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын... Читать дальше...

Azattyk.org 

«Тандалмалардын» таз кейпи

Макаланын жазылышына НТС телеканалынын «Уялчаак депутатыбыз уялбай эле, кызы экөө көмүскө бизнес кылабы?» деген көрсөтүүсү түрткү болду. Коррупцияга каршы аттанган журналисттерге Жараткан жар болсун.

Ca-irnews.com (kg) 

Израиль Газадан эмнеге коркот?

Ирандын Эл аралык меселелер боюча эксперти Саадаллах Зарейи Газа секторундагы 4-5-май күндөрү болгон согуш убакыт жана орду жагынан анча чоң эмес масштабда жүргүзүлгөнүн, бирок ал маанилүү жана символикалуу окуя болгонун"Кейхан" гезитине жазды.

Azattyk.org 

1,5 миңден ашуун көп балалуу эне орден-медалдар менен сыйланат

Президент Сооронбай Жээнбеков көп балалуу энелерди «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалы менен сыйлоо жөнүндө жарлыктарга кол койду. Ага ылайык, жети жана андан көп баланы толук тарбиялаган 1135 эне «Баатыр эне» ордени, алты баланы толук тарбиялаган 470 эне «Эне даңкы» медалы менен сыйланат. Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. (КЕ)