World News in Kyrgyz
Ноябрь
2019

Новости за 13.11.2019

Azattyk.org 

Футбол: кызыктын баары алдыда

14-ноябрда Бишкекте өтө турган Кыргызстан жана Жапониянын футбол боюнча курама командаларынын беттешине даярдык аяктады. Оюнга билеттер беттеш башталарына эки күн калганда эле сатып кеткен. Бүгүн эки команданын оюнчулары оюн алдында машыгып, журналисттер үчүн басма сөз жыйынын өткөрүштү.

Azattyk.org 

Футбол федерациясы билети жок күйөрмандарга өтүнүч менен кайрылды

Кыргызстандын Футбол федерациясы Бишкекте өтө турган Кыргызстан-Жапония оюнуна билети жок күйөрмандарды стадионго келбегиле деп өтүнүүдө. “Стадионго мыйзамсыз жол менен кирүүгө же дубалдан ашып түшүүгө аракет кылбаңыздар. Австралия курама командасы менен беттештеги катаны кайталабайлы. ФИФАнын тартип комитети бизге үч-төрт эскертүү берген. Эгер кайра эреже бузулса, Кыргызстан курама командасы Бишкекте эмес, көрүүчүлөрсүз, чет жерде ойноп калат” деп айтылат федерациянын кайрылуусунда. Федерация... Читать дальше...

Azattyk.org 

Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Текебаев менен Чотоновду актаган көрсөтмө беришти

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун сотунда 12-ноябрда 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү көрсөтмө берип, баары тең соттолуучуларга коюлган айып негизсиз экенин билдиришти. Адвокат Таалайгүл Токтакунованын айтымында, күбөлөр Текебаев 2010-жылдын 13-майында каерде эмне иш кылганы, кимдер менен жолукканы тууралуу кенен маалымат беришти: - Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү 2010-жылдын 13-майында Текебаев эртең менентен кечке чейин каякта жүргөнүн ар бирин айтып беришти. Читать дальше...

Azattyk.org 

Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыкка кезектеги сынак жарыяланды

“Журналисттик иликтөөлөр фонду” Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыкка кезектеги сынагын жарыялады. Сынактын максаты – Кыргызстанда иликтөө журналистика жанрынын өнүгүүсүнө, коррупциялык схемалар менен мыйзам бузууларды ачыкка чыгаруу жана бөгөт коюу фактыларын чагылдырууга багытталган демилгелерди колдоо. Иликтөө жүргүзгөн медиа тармагындагы журналисттер, уюмдар, жарандык активисттер, блогерлер, студенттер жана башка кызыкдар тараптар 2019-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин жарыяланган материалдары менен катыша алышат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Саймаитинин өлүмү, өкмөткө сын

Жогорку Кеңештин депутаттары Түркияда өлтүрүлгөн ишкер Айеркен Саймаитинин тегерегиндеги окуялар боюнча өкмөттүн жоопкерчилигин козгошту.

Azattyk.org 

ИИМ: Саймаитиге жасалма паспорт Сузакта берилген

Кытай жараны Айеркен Саймаитиге жасалма кыргыз паспортун жаздырып берүү фактысына байланыштуу сотко чейинки өндүрүш быйыл июль айында башталып, Сузак райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адисине айып тагылган. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, иш сотко өткөрүлүп берилген жана Саймаитинин өзүнө карата да тергөө иштери жүрүп жаткан. Саймаити колдонуп жүргөн жасалма ID карта менен чет элдик... Читать дальше...

Azattyk.org 

Венеция суу алдында калды

АКШда импичмент боюнча коомдук угуулар башталды. Палестинанын Газа тилкесинде кырдаал курчуду. Молдовада парламент Майя Санду жетектеген өкмөткө ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим кабыл алды. Венеция шаарын соңку 50 жылда болуп көрбөгөндөй суу каптады.

Azattyk.org 

Кыргызстан Өзбекстандын өсүмдүк азыктарына убактылуу чектөө киргизет

Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маалыматына караганда, 2019-жылдын башынан бери Өзбекстандан Евразия экономикалык биримдигинин фитосанитардык карантиндик талаптарына жооп бербеген 356 факт катталган. Анын ичинде 10 жолу ууланган продукциялар келген. Аталган мекеме тараткан кабарга ылайык, акыркы жолу Өзбекстандан ташылып келген анардын ууланганы аныкталган. Товар Өзбекстандын фитосанитардык көзөмөлүнүн сертификаты менен келген. Оштогу лабороториянын текшерүүсүнөн... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстанда “Балдар тууралуу искусство” көргөзмөсү ачылды

Бүгүн Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде ЮНИСЕФ менен биргеликте балдардын укуктарына арналган атайын көргөзмө ачылды. Бул көргөзмө Балдар укуктары тууралуу конвенциянын (БУК) 30 жылдыгына жана Кыргызстандын бул документке кошулганынын 25 жылдыгына карата ачылды. Ага музейдин коллекциясындагы белгилүү сүрөтчүлөрдүн 90дон ашык эмгеги коюлду. Көргөзмө үчүн балдардын образы берилген жана балдардын конвенцияда белгиленген укуктарына байланышы бар картиналар тандалып алынды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Импичмент боюнча коомдук угуу өтөт

АКШнын Өкүлдөр палатасында президент Дональд Трампка импичмент жарыялоо демилгесине байланыштуу коомдук талкуулар 13-ноябрда башталып, түз эфирде көрсөтүлмөкчү.

Azattyk.org 

Жекшеев: КТРКны коомдук канал кыла албай койдум

Коомдук ишмер Жыпар Жекшеев КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагалыгынан жана мүчөлүгүнөн кетүү тууралуу арыз жазды. Бул маалыматты “Азаттыкка” өзү ырастады. Ал каналды коомдук кыла албай койгонун, буга мыйзамдык карама-каршылыктар да тоскоол болгонун билдирди: - Мен кечээ арыз жазып бердим. Чынында эле менин колумдан көп нерсе келбей койду, коомдук телеканал кыла албай койдум. Мыйзамдын өзүндө мамлекеттик жана коомдук деп карама-каршылыктар бар экен. Мен чайналып кеттим. Башка себеп жок. Балким менден кыйын жаштар келип иштесе оңдойт деп ойлойм.

Azattyk.org 

Грета Тунберг АКШдан Испанияга катамаранда жол тартат

Швециялык 16 жаштагы активист Грета Тунберг АКШдан Испанияга Атлантика океаны аркылуу катамаран менен барат. Климаттын өзгөрүшүнө жол бербөөгө чакырган активист абаны булгайт деген жүйө менен учак аркылуу саякаттагандан караманча баш тартып келет. Ал түшө турган катамарандын мотору күндөн энергия алган батарейка жана гидрогенератордун жардамы менен иштейт. Атлантиканы мындай кайык менен кесип өтүү эки жумадан төрт жумага чейин созулушу мүмкүн. Грета Тунберг быйыл август айында Британиядан АКШга... Читать дальше...

Azattyk.org 

ЖЭБ иши: Бримкулов жактоочусунун гана суроолоруна жооп берди

Бишкектеги Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу соттук иште шек саналып жаткан ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов да жактоочусунун гана суроолоруна жооп берип, мындан ары көрсөтмө берүүдөн баш тартты. Муну ал ден соолугуна байланыштырды. - Ден соолугума байланыштуу суроолорго жооп бербей эле койсом болобу? Мен сотто бардык жагдайларды айтып бердим. Мага коюлуп жаткан айыптарга жооп бердим деп ойлойм, - деди Бримкулов. Читать дальше...

Azattyk.org 

МКК: Саймаитини өлтүрүүгө шектүүлөр боюнча маалымат берилбейт

Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) «Жарандардын жеке маалыматы жөнүндө» мыйзамга таянып жеке ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө шектүү катары кармалгандардын жарандыгы боюнча маалымат берүүдөн баш тартты. Мекеменин басма сөз катчысы Адилет Бейшеналиевдин «Азаттыкка» айтканы боюнча, кайсы бир жарандын улуту, жарандыгы, жашаган жери сыяктуу маалыматтар укук коргоо органдарына же тийиштүү мекеменин атайын сурамына жараша гана берилет.  Анын айтымында, азырынча кайсы бир мекеме Саймаитинин... Читать дальше...

Azattyk.org 

Дүйшөмбү шаарында үйүндө мал баккандарга каршы рейд башталды

Тажикстандын борбор шаары Дүйшөмбүдө жана ага караштуу конуштарда мал баккандарга каршы рейд жүрүп жатат. Мунун алдында шаардын мэри, президент Эмомали Рахмондун уулу Рустам Эмомали жыйын өткөрүп, калаадагы үйүндө төрт түлүк кармагандарга көзөмөлдү күчөтүүнү, мындай көрүнүштү тыюуну талап кылган.  Жыйында шаарга кийинчерээк кошулган райондордо, маалелерде мал багып жаткандар бар экени айтылды.  Шаардын макамы тууралуу 2009-жылы кабыл алынган мыйзамга ылайык, дүйшөмбүлүктөр үйлөрүндө ит, мышык жана сайраган куштарды гана кармай алышат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Венецияны 50 жылдан бери болуп көрбөгөндөй суу каптады

Италиянын Венеция шаарында суунун деңгээли соңку 50 жылдан бери болуп көрбөгөндөй деңгээлге көтөрүлүп, 187 сантиметрди түздү. Акыркы жолу суу 1966-жылы эң катуу ташкындаган жана анда 198 сантиметрге чейин жеткен.  Ташкындын айынан калаанын 90 пайызы, анын ичинде тарыхый жайлардын баары суу алдында калды. Ыйык Марк аянтындагы суунун бийиктиги бир метрге жетти.  Жергиликтүү басылмалар табыгый кырсыкта 78 жаштагы бир адам өлгөнүн жазып чыгышты. Ага ылайык, улгайган адамдын үйүнө суу кирип, аны электр тогу урган. Читать дальше...

Ca-irnews.com (kg) 

Вашингтон менен Тель-Авив Жакынкы Чыгыш жыйынына катышуудан баш тартышты

Массалык кыргын салуучу куралдардын ири арсеналына, анын ичнде дүйнөдөгү өзөктүк куралдарга ээ Америка менен Израиль БУУнун “Жакынкы Чыгышта массалык кыргын салуучу куралдарсыз аймак түзүү” аттуу конференцияга катышпайт.

Azattyk.org 

Алтынга тете тобурчак

Алтай талааларына ноябрдын аягында калың кар түшүп, уюлгуган ызгаар шамал шаштыны кетирет. Бирок жергиликтүү тургундар ошол шамалды зарыгып күтүшөт.

Azattyk.org 

2020-жылдан тартып айрым өлкөлөргө виза алуу тартиби өзгөрөт

Германиянын Кыргызстандагы элчилиги жаңы жылдан тартып Испаниянын, Италиянын жана Австриянын виза маселелери боюнча өкүлчүлүгү катары ишмердүүлүгүн токтоторун жарыялады. Элчиликтин маалыматына караганда, бул жобо бардык сапарларга жана паспорттун бардык түрүнө (дипломатиялык дагы) тиешелүү. Аталган өлкөлөргө виза алыш үчүн кыргызстандыктар Казакстандын Нур-Султан шаарындагы виза борборлоруна же элчилигине кайрылышы керек болот. Ал эми 31-декабрга чейин берилген арыздар Бишкекте каралат. Ошол эле... Читать дальше...

Azattyk.org 

ETNAM: Кытайда уйгурлар камалып турган 500дөй лагерь бар

Кеңсеси Вашингтондо жайгашкан «Чыгыш Түркстан» улуттук козголуу кыймылы (ETNAM) Кытайда мусулман азчылыктар кармалып турган 500гө жакын лагерь жайгашкан жерлерди таап чыкты. Аталган уюм 12-ноябрда ушундай 182 жай туралуу алгачкы маалымат таратты. Калган 209 түрмө менен 74 эмгек лагери тууралуу кийинчерээк айтыларын билдирди. ETNAM бир жыл бою «Google Earth» сервисинин жардамы менен маалымат топтогон. Уюмдун өкүлү Кайл Олберт «France-Presse» маалымат агенттигине буга чейин мындай жайлардын 40 пайызы... Читать дальше...

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Дүйнө чемпиону Жолдошбеков: меникиндей күрөш менен UFC чемпионун да утса болот

Өлкөдөгү таанымал жана тажрыйбалуу спортчулардын бири Улукбек Жолдошбеков 23 жашка (U-23) чейинки балбандар арасындагы дүйнө чемпионатында эркин күрөш боюнча алтын утуп, ушул тапта жылдызы жанып турган чагы.

Azattyk.org 

Крестинин: атаандаштын талуу жерин туура колдонсок дейбиз

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин журналисттер үчүн басма сөз жыйынында талуу жери жок команда болбойт деген пикирин билдирди. Анын айтымында азыр алдыга коюлган эң маанилүү тапшырма 14-ноябрда Бишкекте боло турган Кыргызстан – Жапония командаларынын беттешинде атаандаштын кемчилигин пайдаланып калуу болуп турат:  - Жапония акыркы убактарда Азия кубогунда гана ийгиликтүү оюн көрсөтпөстөн, дүйнө чемпионаттарына да дайыма катышып келет. Читать дальше...

Azattyk.org 

ЖЭБ соту: Жолдошбек Назаров көрсөтмө берүүдөн баш тартты

Бишкектеги Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоодогу коррупция боюнча сот жараянында «Электр станциялары» ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров мындан ары көрсөтмө бербейт. Бул тууралуу 13-ноябрда анын жактоочусу Бишкектин Свердлов райондук сотунда өтүп жаткан жараянда билдирди:  - Назаров ушуга чейин бардык маселелер боюнча көрсөтмө берди. Биз өзүбүздүн позициябызды так айттык. Мен адвокат катары менин коргоомдогу адам бардык суроолорго жооп бербей турганын билдирем.... Читать дальше...