World News in Kyrgyz
Январь
2020

Новости за 21.01.2020

Azattyk.org 

"Миллиондор изи": Казынага түшпөгөн миллиарддар

2011-2017-жылдары Кыргызстандан сыртка акча ташыган Аеркен Саймаити жана анын фирмасы өлкө казынасына алты миллиард сомго жакын салык төлөшү керек эле. Бул тууралуу 21-январда Жогорку Кеңештеги депутаттык комиссиянын жыйынында белгилүү болду.

Azattyk.org 

Теңирчилердин кайтып келиши

Кытайда өпкөнү сезгентүүчү белгисиз вирус жайылып, аны жуктуруп алган кеминде төрт адам көз жумду. Тажикстанда медицина кызматкери 18 жыл иштеген ооруканадан бийликти сындаган видеоблогер уулунун айынан жумушунан айдалганын айтып чыкты. Кыргызстанда жана Казакстанда теңирчиликти жандандыруу аракети көрүлүүдө – айрымдар аны дин деп атаса, кээ бирлер жаратылышка таянган көз караш деп эсептешет.

Azattyk.org 

Өрт өзбек мигранттарынын өмүрүн кыйды

Орусиянын Томск облусунда турак үйдөн чыккан өрт 10 өзбекстандык мигранттын өмүрүн алды. Кытайдагы белгисиз жаңы вирус күн санап жайылууда. АКШда куралчан миңдеген адам жүрүшкө чыкты. Дүйнө лидерлери Давостогу экономикалык форумга чогулушту.

Azattyk.org 

Кордукка кабылган өспүрүм

Бишкекте 16 жаштагы өспүрүм кызды сойкулукка мажбурлаган иштин бети ачылды. Өспүрүм кыз аны күнүнө 20 чакты эркекке салып беришкенин, эки аптадай кордошконун айтып ыйлады. Бишкек шаардык милициясы Нурайымды сойкулукка мажбурлагандарга каршы кылмыш иши ачылганын билдирди.

Azattyk.org 

Путин Чайкага президенттин Түндүк Кавказ боюнча өкүлү болууну сунуш кылды

Орусиянын президенти Владимир Путин мурдагы башкы прокурор Юрий Чайкага Түндүк Кавказ федералдык округу боюнча президенттин атайын өкүлү болууну сунуш кылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. Анын айтымында, кызмат тууралуу сөз Путин менен Чайка көзмө-көз жолуккан учурда болгон. Песков Чайка мындай сунушту кабыл алганын же четке какканын тактаган жок.  Путин Чайканы 20-январда кызматтан алган. Президент анын ордуна Тергөө комитетинин жетекчисинин орун басары Игорь... Читать дальше...

Azattyk.org 

Чек арадагы эки жердин тагдыры чечилди

Кыргызстан менен Тажикстан чек ара маселесин чечиш үчүн эки жерди алмашуу боюнча бир пикирге келди. Кыргыз тараптан берилчү жерлер анык болгону менен, Тажикстан анын ордуна кайсы жерди берери азырынча белгисиз. Андан тышкары чек арадагы 114 чакырым жер эки өлкөнүн бардык карталары боюнча туура келгени жана аларды бекитсе болору айтылды. Бул тууралуу кыргыз өкмөтү 21-январда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Azattyk.org 

«Оскарды» күткөн Дарьянын «Кызы»

Тажикстанда өскөн Дарья Кащееванын «Кызым» мультфильми «Оскар» сыйлыгынын «Kыска метраждуу анимациялык фильм» категориясына көрсөтүлдү. Ал тажик жергесинде туулуп, төрт жашында Душанбеден Орусияга ата-энеси менен көчүп кеткен. Дарья «Кызым» мультфильминде өзүнүн балалыгын жана үй-бүлөнүн баалуулуктарын чагылдырган.

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Тажикстан эки жерди алмашат

Кыргызстан менен Тажикстан чек ара маселесин чечиш үчүн эки жерди алмашуу боюнча бир пикирге келди. Кыргыз тараптан берилчү жерлер анык болгону менен Тажикстан анын ордуна кайсы жерди берери азырынча белгисиз.

Azattyk.org 

«Казак» коркутканы айтылган милициянын иши иликтенет

Ош шаарында кылмыштуу топтун мүчөсү, «Казак» деген каймана аттуу Умар Маратовдун адвокаты милиция кызматкерин «каралардын» атынан коркутуп жатканы тууралуу кабар айрым маалымат каражаттарына жарыяланды. Анда милиционердин адвокаты Динара Медетова «Казактын» кармалышы боюнча иликтөө ишин жүргүзгөн тергөөчүнү Умар Маратовдун жактоочусу опузалап, коркутуп жатканын жана бул ишти «курамында кылмыш жок деген жүйө менен жап» деген буйрук болгонун маалымдаган. Учурда бул маалымат териштирүүгө алынганын «Азаттыкка»... Читать дальше...

Azattyk.org 

Касмамбетов кайып дүйнөгө кетти

Манасчы, төкмө акын, эл агартуунун мыкты кызматкери, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Сапарбек Касмамбетовдун сөөгү 21-январда Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.

Azattyk.org 

Журналист Бейшенбеков эки берене боюнча сурак берип жатат

21-январда Chyndyk.kg сайтынын редактору, журналист Турсунбек Бейшенбеков Аскер прокуратурасына беш сааттай сурак берип чыкты. Анын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова журналист эки берене боюнча суралып жатканын билдирди:  - Курсан Асановго байланыштуу 320-берене («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча кылмыштын катышуучусу катары өтүп жатат. Ал 344-берене менен да суралып жатат. Экинчи берененин мааниси «Кайсы бир аткаминер жөнүндө чындыкка дал келбеген маалымат таратуу» деп чечмеленет. Читать дальше...

Azattyk.org 

Тажикстандагы жапырт камоо

Тажикстанда «Мусулман агайындар» аттуу уюмдун мүчөсү деген шек менен кармалгандардын саны 70 кишиге жеткени кабарланууда.

Azattyk.org 

Ошто кызын таштап кеткен аялдын энелик укугу каралып жатат

Ошто эки жашар кызын көчөгө таштап кеткен аялды Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы энелик укуктан ажыратуу ниетин билдирди. Бул тууралуу «Азаттыкка» мекеменин үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлзина Раева маалымдады. - Бул аялдын бир уул, бир кызы бар. Ал батирде жашап жүрүп, ошол жерге баласын кароосуз таштап кеткен. Аны милиция бизге алып келген. Төрт жаштагы баланы биз Оштогу «Боорукердик үйүнө» жайгаштырганбыз. Эми кызын да таштап кетип жатат. Милиция бул аялдын үстүнөн кылмыш ишин козгогон. Читать дальше...

Azattyk.org 

Султанов: эл каттоого 25 миңдей кызматкер тартылат

21-январда президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султановду кабыл алып, эл каттоого даярдык боюнча маалыматын укту. Бул тууралуу кабар президенттин сайтына чыкты.  Султановдун маалыматына караганда, Кыргызстанда калкты каттоо 23-марттан 1-апрелге чейин, алыскы аймактарда 20-апрелден 29-апрелге чейин жүргүзүлөт. Каттоо толугу менен электрондук форматта мобилдик тиркеменин жардамы менен өткөрүлүп, Дүйнөлүк банк тарабынан иштелип чыккан «Survey Solutions» программасы колдонулат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Давосто байлар сынга алынды

Давосто Дүйнөлүк экономикалык форумдун мааракелик 50-жыйыны башталууда. Жыйындын расмий ачылышы болгон 20-январда жүздөгөн демонстрант "байлардын шеринеси" деген атка конгон форумга нааразылыгын билдиришти.

Ca-irnews.com (kg) 

Багдад америкалык аскерлерди чыгаруу үчүн зарыл аракеттерди көрө баштады

Ирак парламентинин коопсуздук жана коргоо боюнча комиссиясынын мүчөсү Багдад америкалык аскерлерди өлкөдөн чыгаруу үчүн зарыл болгон аракеттерди көрө баштады деп билдирди.

Azattyk.org 

Давосто мааракелик экономикалык форум башталды

Бүгүн, 21-январда Швейцариянын Давос шаарында Дүйнөлүк экономикалык форумдун мааракелик 50-жыйыны башталды. Ага Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп баштаган дүйнө лидерлери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ири ишкерлер чогулду. Эки күндүк форумдун күн тартибине жаңы технологияларды өнүктүрүү, климаттын өзгөрүүсү, куралдуу жаңжалдарды жөнгө салуу жана башка маселелер кирген.  Салтка айлангандай, иш-чараны утурлай бир катар уюмдар өз отчётторун чыгарышат. «Оксфам» глобалдык теңсиздикти талдап чыгып... Читать дальше...

Azattyk.org 

Казакстанда сот Кытайдан качкан казактарды өлкөдөн чыгарбоого көндү

Казакстандын Зайсан шаардык соту 21-январда Кытайдын Шинжаң аймагынан качып келген Мурагер Алимулы менен Кастер Мусаханулу боюнча өкүм чыгарды. Ага ылайык, алар бир жылга эркинен ажыратылды жана өлкөдөн чыгарбоо, жаза мөөнөтүн жатак абакта өтөө боюнча өкүм чыкты. Мурагер Алимулы менен Кастер Мусаханулунун тергөө абагында отурган күндөрү эске алынганда, жаза мөөнөтү 6 айга жакын болуп кыскарды. Сот залында отургандар өкүмдү укканда кыраан-сүрөөнгө түшүп кубатташты. 31 жаштагы Кастер Мусакан менен... Читать дальше...

Azattyk.org 

Өкмөт: кыргыз-казак чек арасындагы айдоочуларга ысык чай берилүүдө

Вице-премьер-министрлер Жеңиш Разаков жана Замирбек Аскаров кыргыз-казак чек арасына барып, жүк ташуучулар менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Казак тараптын кошумча текшерүүлөрүнөн улам Ысык-Ата районундагы «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде оор жүк ташуучу машинелердин тыгыны пайда болуп жатат. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Казакстан менен кыргыз-казак тилкесинде түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатканын билдирди. - Ушул жылдын башында... Читать дальше...

Azattyk.org 

Виржинияда миңдеген адамдар курал сатууну чектөөгө каршы чыгышты

Дүйшөмбү күнү Кошмо Штаттардын Виржиния штатында 20 миңден ашуун адам жүрүшкө чыкты. Алар штат бийлигинин курал сатууну чектөө боюнча ниетине нааразылык билдирип жатышат.  Көпчүлүгү жүрүшкө куралдарын көтөрө келген. Штаттын бийлиги ок атуучу куралды сатып алып жаткандарды кылдат текшерип, айына бирден көп курал сатып алууну, айрым куралдарды сатууну чектөөнү көздөп жатат.  Нааразылар бул Конституциядагы жарандардын курал сактоо жана алып жүрүү укугун бузат деп эсептешет. Өлкө президенти Дональд... Читать дальше...

Azattyk.org 

Абдыгулов: «Абдыраз» ишканасы жана Саймаити которгон акча боюнча 14 кат жөнөткөнбүз

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов 2012-2018-жылдардын аралыгында Кытай жарандарынын шектүү акча которушу боюнча Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финансы полициясы) жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) 18 кат жөнөтүлгөнүн билдирди. Анын 14 катында Айеркен Саймаитинин жана «Абдыраз» ишканасынын аты аталган. Ал бул тууралуу 21-январда Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтеш үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйынында айтты... Читать дальше...

Azattyk.org 

Украина Антарктидага жаш илимпоздорду жөнөтөт

Украинанын Билим берүү жана илим министрлиги илим-изилдөө иштери менен жазында Антарктидага аттана турган экспедициянын курамын бекитти. Министрлик тараткан билдирүүдө 12 адамдан турган топтун мүчөлөрүнүн орточо курагы 37 жаш экени, бул өлкөнүн эгемен тарыхындагы эң жаш экспедиция болуп калары айтылат. Ошондой эле топто эки аял бар экени белгиленген. «Биз жаштарга илимий дараметин ишке ашырууга көбүрөөк мүмкүнчүлүк бергибиз келет. Алардын теңи буга чейин мындай шартта иштеген эмес, калган бөлүгү... Читать дальше...

Azattyk.org 

Подполковник Алановду беш чек ара кызматкери сотко берди

Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Илгиз Талипов жана төрт чек арачы мекемедеги мыйзамсыз иштер тууралуу айтып чыккан офицер Талгат Алановго каршы Ош шаардык сотуна кайрылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Талгат Аланов билдирди. - Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Илгиз Талипов баштаган беш чек арачы мага каршы Ош шаардык сотуна арыз жазыптыр. Анда мен буга чейин айткан Мамлекеттик чек ара кызматындагы мыйзамсыз иштерди төгүнгө чыгарып... Читать дальше...