World News in Kyrgyz
Апрель
2020

Новости за 21.04.2020

Azattyk.org 

Кыргыз-казак тең баалаган Элмирбек

Мезгилсиз дүйнө салган чыгаан төкмө акын, Эл артисти Элмирбек Иманалиевди кыргыз-казак маданият ишмерлери “Азаттыктагы” тегерек үстөлдө эскеришти.

Azattyk.org 

Эл үнү: Дарыгерлердин дарманы менен арманы

«Эл үнү» программасына кайрылгандардын көбү чет өлкөдө калган мигрант мекендештер болду. Ошондой эле элдин ден соолугунун камын көрүп жаткан дарыгерлердин көйгөйлөрүн да угузабыз.

Azattyk.org 

ДССУ Беларусту коронавируска олуттуу көңүл бурууга чакырууда

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Беларус үчүн атайын сунуштама иштеп чыгып, 21-апрелде жарыялады. Мунун алдында уюмдун эксперттери өлкө бийлиги коронавируска каршы кандайча күрөшүп жатканын иликтеп, Минск менен Витебск шаарларындагы ооруканаларды кыдырышкан эле. ДССУ өлкө бийлигин бардык коомдук иш-чараларды жылдыра турууну, балдарды аралыктан окутууну, коронавирус табылгандар менен контактта болгон адамдарды карантинге алууну, маалыматтык саясатты айкын жүргүзүүнү, калктын аялуу катмарына көмөк көрсөтүүнү сунуш кылды. Читать дальше...

Azattyk.org 

БУУ: Дүйнөдө ачарчылыкка кабылгандар эки эсе көбөйөт

Коронавирус пандемиясынын айынан кирешеси кемип, натыйжада ачарчылыкка кабылгандар быйыл эки эсе көбөйүшү ыктымал. Бул тууралуу 21-апрелде Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен анын өнөктөштөрүнүн орток баяндамасында эскертилди. «Азык-түлүккө өтө муктаж адамдар 2020-жылы 265 миллионго жетет. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 130 миллионго көп», деп жазылат божомолдо. Пандемиянын айынан сапарлар тыйылып, туризмден киреше түшпөй калышы, чектөөлөрдүн айынан иштин токтогону азык-түлүк... Читать дальше...

Azattyk.org 

ТИМ: Новосибирскиден жарандарды алып келүү макулдашылды

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Новосибирск-Бишкек каттамы боюнча буга чейин авиабилеттерди сатып алган кыргызстандыктарды алып келүү маселеси сүйлөшүлгөнүн маалымдады. Бирок канча жаран алынып келери айтылган жок. Тышкы саясат мекемесинин маалыматына ылайык, 22-апрелде Орусия мамлекети Кыргызстандагы өз жарандарын алып кетүүнү пландап жатат. Кыргызстан ошол учак келатканда Новосибирск шаарындагы мекендештерди ала кетери макулдашылды.  ТИМ Новосибирскиде мекенине кайта албай тургандардын ичинен өзгөчө жардамга муктаждар тамак-аш... Читать дальше...

Azattyk.org 

Врач-инфекционист: Айып издебей, жардам бергиле

Кыргызстанда COVID-19 вирусуна кабылган дарыгерлердин саны 147ге жетти. Алардын басымдуу бөлүгү Жалал-Абад, Ош облустарынын жана Ош шаарынын ооруканаларынан илдетти жугузуп алышкан. Ал эми бул күндөрү Бишкектеги үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун биринде төрт кызматкер вирус жуктурганы аныкталып, ооруканага жаткырылды. Шаардагы №8 үй-бүлөлүк медицина борборунун инфекционист-дарыгери Алтын Токтокожоева дарыгерлердин иштөө шарты, оорулууларды аныктоо, анализ алуу аракеттери, алар туш болгон кыйынчылыктар тууралуу “Азаттык” менен маектешти.

Azattyk.org 

Иран миң чет өлкөлүктү абактан убактылуу бошотот

Иран коронавируска байланыштуу абактарындагы миңден ашуун чет өлкөлүктү убактылуу бошотот. Бул тууралуу өлкөнүн сот бийлигинин өкүлү Голамхоссейин Эсмаили билдирди. “Абактагылардын саламаттыгын камсыздап, аларга тыным бериш үчүн Иран олуттуу кадам жасады” деди Эсмаили. Тегерандын бул билдирүүсү Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча эксперттеринин чакырыгынан кийин жасалды. Өткөн аптада алар Тегеранды убактылуу бошотулгандардын тизмесин кеңейтүүгө, ага “абийир туткундары менен кош жарандуулугу барларды кошууга” үндөшкөн. Читать дальше...

Azattyk.org 

Өкмөт өз планын жарыялады

Коронавирус пандемиясы учурунда өкмөт мамлекеттин эсебинен берилген насыяны төлөө шартын карап чыгарын жарыялады.

Azattyk.org 

«Өзү бизден кетсе да, сөзү жашайт биз менен!»

Кыргыз менен казакка таанымал төкмө акын, комузчу, Эл артисти Элмирбек Иманалиев 20-апрелдин кечинде 42 жашында мезгилсиз дүйнө салды. Акындын өлүмү анын талантын баалаган эли үчүн күтүүсүз сокку болду. Жамы журт сыздап, сөз баккан адамдардын ичи ачышып турган кез.

Azattyk.org 

Пандемиядан пайда тапкан мафия

Дүйнө коронавирус пандемиясына каршы күрөш менен алектенип жаткан кезде бүгүнкү кризистен пайда табууну, өз позицияларын күчөтүп алууну көздөгөн топтор да бар. Аларын биринчи катарында уюшкан кылмыштуу түзүмдөр турат.

Azattyk.org 

«Ким Чен Ын оор абалда» деген маалыматтар ырастала элек

Түштүк Кореянын бийлиги «коңшулаш Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жүрөгүнө операция болгондон кийин абалы оор» деген кабарды ырастаган жок. Сеул мындай маалыматка ээ эмес экенин президенттин администрациясы билдирди. Пхеньяндын жалгыз ири өнөктөшү Бээжин тарап жаткан кабарларды ырастаган жок. Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Ген Шуан: «Мен чынында айрым кабарларды көрдүм, бирок ал кабарлардын булагы кайдан экенин билбейм. Кытай менен Түндүк Корея тоолор жана дайралар менен танапташып... Читать дальше...

Azattyk.org 

Элмирбектин кетиши элдин эсин эки кылды

Кыргыз менен казакка таанымал төкмө акын, комузчу, Эл артисти Элмирбек Иманалиев 20-апрелде кечинде 42 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Акындын өлүмү анын жакындары жана күйөрмандары үчүн күтүүсүз сокку болду. Жамы журт сыздап, сөз баккан адамдардын ичи ачышып турган кез.

Azattyk.org 

Ишсиз калган мигранттарга жардам болобу?

Казакстан менен Кыргызстандын жарандарына Орусияда иштегенге патент талап кылынбайт. COVID-19 вирусу дүйнөнүн башка өлкөлөрү сымал Орусиянын да саламаттык сактоо тармагы үчүн оор сыноо болду. Пандемия атактуу грузин виносун өндүрүүчүлөргө да кедергисин тийгизип, сатыктар азайган.

Azattyk.org 

Түркияда үйдөн чыкпаган журтташтар

Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги ооруканаларды оор операциялардан башка иш-чаралар өткөрбөөгө милдеттендирген. Жергиликтүү дарыгерлер бейтаптар ооруканада коронавирус жугузуп алышы мүмкүн экенин баса белгилешүүдө.

Azattyk.org 

«Азаттыктын» «YouTube» каналына жазылгандар бир миллионго жетти

«Азаттыктын» «YouTube» платформасындагы каналына жазылгандар бир миллионго жетти. 2010-жылдан бери «Азаттыктын» кабарчылары даярдаган бардык видеолор «YouTube» порталындагы Azattyk деп аталган каналга жүктөлүп, көрөрмандарга такталган, сапаттуу материалдар сунушталып келет. Ушул кезге чейин каналдагы видеолор дээрлик 350 миллион жолу көрүлдү. Каналга жарыяланган айрым видеолор КМШ өлкөлөрүнүн Интернет сегментинде да кеңири жайылып, Кыргызстандагы окуялар тууралуу так жана бейтарап маалыматты жеткирет. Читать дальше...

Azattyk.org 

Президент социалдык төлөмдү алуу жолун жеңилдетүүнү тапшырды

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 21-апрелде эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровду кабыл алган учурда мамлекеттен социалдык төлөмдөрдү алуунун жолдорун жеңилдетүүнү тапшырды. Президент муну менен өзгөчө абал учурунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо зарылдыгын белгиледи. Сооронбай Жээнбеков айрым аймактарда жашагандарга социалдык төлөмдөр мөөнөтүндө жетпей жатканын да эскертип, өзгөчө абал учурунда мамлекет берген төлөмдөрдү алуунун жолун мүмкүн болушунча жеңилдетүүнү министрден талап кылды. Читать дальше...

Azattyk.org 

ИИМдин ондон ашуун кызматкери обсервацияда жатат

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) ондон ашуун кызматкери обсервацияга жаткырылды. Бул тууралуу 21-апрелде «Азаттыкка» мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Басма сөз кызматынын инспектору Ырысгүл Жайлообекованын айтымында, алардын алгачкы анализи таза чыкты, баарынын абалы жакшы, денеси ысыган жок. «Алар алдыңкы катарларда иштеген кызматкерлерибиз. Оорунун жайылышынын алдын алуу максатында жүргүзүлгөн иш-чараларга катышкан. Ошондуктан обсервацияга алынды», - деди ал. Обсервациядагы милиционерлер медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө турат.

Azattyk.org 

Исмаилова: Коргонуучу каражаттар жетиштүү

Медицина кызматкерлери үчүн каралган коргонуучу каражаттар жетиштүү. Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаилова 21-апрелдеги брифингде маалымдады. Анын айтымында, коргонуучу каражаттар бардык аймактарга тизме менен жеткирилип жатат, запасы күн сайын текшерилип турат. «Мындан тышкары гуманитардык жардам аркылуу келген коргонуучу каражаттар да бар. Аймактардагы медициналык мекемелердин башчыларына жана башка жетекчилерге коргонуучу кийимдер менен кызматкерлерин камсыздоо тапшырылган», - деди Аида Исмаилова. Читать дальше...

Azattyk.org 

Бук болгондорду психологдор уга баштады

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинде ачылган ишеним телефону ушул тапта күнү-түнү иштеп жатат. Мындан тышкары балдар укуктары жана үй-бүлөлүк зомбулук боюнча ар бир аймактын кризистик борборлору телефон аркылуу онлайн кеңеш бере башташты.

Azattyk.org 

Дарыгерлерге 28 млн. сом кошумча сый акы катары төлөнүп берилди

Медицина кызматкерлеринин март айындагы айлык акысына кошумча төлөм үчүн 38,5 млн. сом бөлүнгөн. 21-апрелге карата анын ичинен 28 млн. сому 4 538 медициналык кызматкерге таратылып берилди. Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаилова 21-апрелдеги брифингде билдирди. «Апрель айы үчүн айлык акыга кошумча сый акы катары берилүүчү 132 млн. сом каралууда. Бул сумма дагы такталат», - деген вице-премьер-министр медициналык кызматкерлердин айлык акылары боюнча да өзгөртүүлөр киргизилип жатканын кошумчалады. Читать дальше...

Azattyk.org 

Өлкө жетекчилиги акын Элмирбек Иманалиевдин көзү өткөнүнө байланыштуу көңүл айтты

Эл артисти Элмирбек Иманалиев 20-апрелде 42 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Маркумдун сөөгү 22-апрелде Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат. Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков баштаган өлкө жетекчилеринин, чыгармачыл чөйрөнүн атынан жарыяланган некрологдо кыргыз маданияты орду толгус чоң жоготууга учураганы айтылды. Анда: «Иманалиев соңку мезгилдин залкарлары Эстебес, Тууганбай, Ашыралы сыяктуу жез таңдай акындардан таалим алып, улуттук өнөрдүн көчүн татыктуу улап, төкмөлүк өнөрдүн туу башында келди. Читать дальше...

Azattyk.org 

Казак укук коргоочулары куугунтукту токтотууну талап кылууда

Казакстандык укук коргоочулар бийлик коронавируска байланыштуу киргизилген эрежелерди саясий каршылаштарын куугунтукташ үчүн колдонуп жатканын билдиришүүдө. Өткөн аптада Казакстанда өкмөткө жана экс-президент Нурсултан Назарбаевге сын айткан активисттер Альнур Иляшев, Арман Хасенов, Арман Шураев жана Улан Шамшет кармалган. Алар өзгөчө абал режимин бузган же фейк маалыматтарды тараткан деп айыпталууда. Укук коргоочу Маржан Аспандиярова «бийлик өзгөчө абалды белгилүү кишилерди камоо, куугунтуктоо жана оозун басуу үчүн колдонууда. Читать дальше...