World News in Kyrgyz
Октябрь
2020

Новости за 21.10.2020

Azattyk.org 

ЖККУнун Баш катчысы Кыргызстандын өкмөт башчысын куттуктады

Жамааттык коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЖККУ) Баш катчысы Станислав Зась Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровду премьер-министрлик кызматка дайындалышы менен куттуктады. Куттуктоодо: “Кыргызстандын эл аралык чөйрөдө абройлуу, аймактык саясатта таасирлүү орду бар. ЖККУга мүчө өлкөлөр уюмдун алкагында аскердик-саясий кызматташтыкты бекемдөөдө Кыргызстандын салымын жогору баалайт”, - деп жазылган. ЖККУнун Баш катчысы куттуктоосунда премьер-министр Садыр Жапаровго бекем ден соолук... Читать дальше...

Azattyk.org 

Өзбекстанда заводдун миңдеген жумушчулары нааразылыкка чыкты

Өзбекстандын Кашкадарыя облусундагы "Uzbekistan GTL" заводун куруп жаткан "Enter Engineering" компаниясынын миңдеген жумушчулары стихиялуу нааразылык акциясын өткөрүштү. “Азаттыктын” өзбек кызматына түшкөн тасмада 5000ге чукул адам заводдун имаратына күч менен кирип жатканын көрүүгө болот. Акыркы маалымат боюнча, окуя болгон жерге Улуттук гвардиянын, Улуттук Коопсуздук кызматынын жана Ички иштер министрлигинин атайын бөлүктөрүнүн кызматкерлери жөнөтүлдү. Жабыркагандар жөнүндө маалымат жок. Бирок... Читать дальше...

Azattyk.org 

Аманбаев: “Азаттык” алып чыккан фактылар толугу менен иликтенет

21-октябрда кыргыз өкмөтүнүн аппарат башчысы Бакыт Аманбаев “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” программасына катышканда, Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов коррупциялык иштерге аралашканы тууралуу буга чейин "Азаттык" радиосунун журналисттери иликтеген фактылар толугу менен текшерилерин билдирди: “Биздин максат мамлекеттин казынасын толтуруу, коррупционерлерди кустуруу. Убагында Атамбаев деле "миллиардермин" деп жүрдү. Азыркыга чейин камакта, бир тыйын төлөдүбү, төлөгөн жок. Читать дальше...

Azattyk.org 

Саясатты кызыткан жаңы шайлоо

Жогорку Кеңештин кайра шайлоосу 20-декабрга белгиленди. Мындай чечим 21-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жыйынында бир добуштан кабыл алынды.  Ушул эле күнү Ички иштер министрлигинин кызматкери Боршайкомдун мүчөлөрүн күбө катары суракка алып кетүүгө аракет кылганы белгилүү болду. Бул жаңы бийликтин БШКга карата басымы катары бааланууда. Аталган маселе Жогорку Кеңеште да талкууланды. Ушул эле күнү парламент депутаттары шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда өзгөртүп... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жаңы бийликтин соңку кадамдары

Кыргызстандын өкмөт башчысы жана президенттин милдетин аткаруучу болуп иштеп жаткан мурдагы оппозициячыл саясатчы Садыр Жапаровдун алгачкы кадамдары жана кадрдык дайындоолору коомчулуктун кызуу талкуусунда турат. Жаңы бийликтин реформа жасайм деген чакырыктары канчалык реалдуу? Соңку кадрдык жүрүштөр кандай принцип менен ишке ашып жатат, чын эле реформачыл күчтөр келе жатканы байкалабы? Талкууга укук коргоочу Динара Ошурахунова, өкмөттүн аппарат жетекчиси Бактыбек Аманбаев, саясатчылар Темир Сариев жана Алмамбет Шыкмаматов катышты.

Azattyk.org 

ИИМ Боршайкомдун мүчөлөрүн суракка чакырды

Жогорку Кеңештин кайра шайлоосу 20-декабрга белгиленди. Мындай чечим 21-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жыйынында бир добуштан кабыл алынды. Ушул эле күнү Ички иштер министрлигинин кызматкери Боршайкомдун мүчөлөрүн күбө катары суракка алып кетүүгө аракет кылганы белгилүү болду. Бул жаңы бийликтин БШКга карата басымы катары бааланууда. Аталган маселе Жогорку Кеңеште да талкууланды.

Azattyk.org 

Шайлдабекова: Президенттик шайлоонун мөөнөтүн аныктоого дагы бир күн бар

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Жогорку Кеңештин карамагында президенттик шайлоонун мөөнөтүн аныкташ үчүн дагы бир күн бар экенин эскертти. Ал бул тууралуу 21-октябрда Жогорку Кеңештин отурумунан соң журналисттерге билдирди. Парламент депутаттары 21-октябрдагы отурумунда президенттик шайлоонун мөөнөтүн кворумдун жетишсиздигинен улам аныктай алган жок. «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жыйында шайлоо мөөнөтүн жарыялоонун мөөнөтү 21-октябрда бүтөрүн билдирген... Читать дальше...

Azattyk.org 

Cадыр Жапаров Матраимов боюнча чечимди өзү кабыл алганын айтты

Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров коррупцияга байланыштуу шек саналган Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду тергөө маалында камакка албоо боюнча чечимди өзү кабыл алганын айтып чыкты. Бул тууралуу Жапаров BBCнин кыргыз кызматындагы маегинде билдирген. Анда премьер-министр мамлекетке келтирген чыгымды өндүрүш үчүн мындай кадамга барганын түшүндүргөн. «Райым Матраимов боюнча чечимди мен кабыл алдым. УКМКнын жетекчиси «камайм» деп айтты. Читать дальше...

Azattyk.org 

Финансы министрлиги: Кыргызстандын жалпы карызы - 4, 824 млрд. доллар

2020-жылдын 31-июлуна карата Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 4, 824 млрд. долларды түздү. Мунун ичинен 654,41 млн. доллар (13,56%) ички карыз. Ал эми 4, 169 млрд. доллар (86,44%) тышкы карыз. Бул тууралуу Финансы министрлиги маалымдады. Маалыматка ылайык, эң көп карыз Кытайдан алынган. Кыргызстан Кытайдын Эксимбанкына 1,776 млрд. доллар бересе; - Францияга - 4,86 млн. доллар; - Жапон эл аралык өнүктүрүү агенттигине - 244,84 млн. доллар; - Банк КвФ - 80,75 млн доллар; - Түштүк Кореянын Эксимбанкына – 14,14 млн. Читать дальше...

Azattyk.org 

Грузияда куралчан адам банктагы бир нече адамды барымтага алды

Грузиянын чыгышындагы Зугдиди шаарында куралдуу адам жергиликтүү банк бөлүмүнүн кызматкерлерин жана кардарларын барымтага алды. Өлкөнүн Ички иштер министрлиги бул маалыматты ырастады. Окуя болгон жерде жүргөн «Азаттыктын» грузин кызматынын кабарчысынын айтымында, беткап тагынган адам тапанча менен имаратты аткылаган. Бир нече адам имараттан чыгып кетүүгө үлгүргөн. Учурда банктын имаратынын ичинде беш кызматкер жана белгисиз сандагы кардар бар экени кабарланууда. Имаратты полиция курчоого алып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Тоолуу Карабактагы абал боюнча Орусияда жана АКШда сүйлөшүү өтөт

Армениянын президенти Армен Саркисян Тоолуу Карабактагы акыркы абал боюнча Европа Биримдигинин жана НАТОнун жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүш үчүн Брюсселге келди. Ошол эле учурда Азербайжан менен Армениянын тышкы иштер министрлери Орусиянын борбору Москвага жөнөгөнү кабарланды. Расмий Баку тышкы иштер министри Жейхун Байрамов Москвага «орус тарап менен кеңешүү үчүн» кеткенин билдирген. Армениянын тышкы иштер министри Зограб Мнацаканян да бүгүн Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугары маалымдалган. Читать дальше...

Azattyk.org 

ИИМ: БШКнын мүчөлөрү шалаакылык боюнча козголгон ишке күбө катары суракка чакырылган

Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда Жогорку Кеңештин отурумунда ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев билдирди. Анын айтымында иш 8-октябрь күнү Башкы прокуратура тарабынан бирдиктүү реестрге катталып, сотко чейинки териштирүү башталган. Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) курамы суракка чакырылды. «Шайлоо учурундагы мыйзам бузуу боюнча БШКга маалыматтар берилген, бирок алар эч кандай чара көрбөй койгонуна байланыштуу Жазык кодексинин 316-беренеси («Шалаакылык») боюнча сотко чейинки териштирүү башталган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Бажыдагы коррупция: чыгымдан чыккан чыр

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев кызматка киришкен үч күн ичинде бюджетке эки млрд. сомдон ашык акча кайтарылганын жарыялады. Ал муну Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго байланыштуу иш сынга алынып жаткан учурда билдирди. Бажыдагы коррупциялык иштер үчүн шек саналып жаткан Матраимов мамлекетке эки млрд. сом төлөп берүү милдетин алып, тергөө менен кызматташканы үчүн камакка алынган жок. Чагылгандай тез... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш Тилек Токтогазиевди айыл чарба министри кылып дайындоого макул болду

Айыл чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинин жетекчилигине Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин парламент бүгүн, 21-октябрдагы отурумда көпчүлүк добуш менен колдоду. Ага суроо-сунуш берилип жаткан учурда айрым депутаттар Токтогазиевдин мурда мамлекеттик кызматта иштебегенин белгилеп, Кыргызстандын кыр аркасы болгон Айыл чарба министрлигин кантип өнүктүрө турганын сурашты. «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов мамлекетти мурунку убакта аткаминерлер көтөрүп келген болсо, бүгүнкү күнү менежерлер көтөрүп жатканын айтып... Читать дальше...

Azattyk.org 

15 жылдан кийин ордуна келген акыйкат

Жогорку сот Бириккен Улуттар Уюмунун тыянагына ылайык, абакта каза тапкан адам боюнча өкмөттү кенемте төлөөгө милдеттендирди.  28-сентябрда Жогорку сот 2005-жылы Ош шаарындагы милициянын убактылуу кармоочу жайында алган жарааттан көз жумган Рахмонберди Эрназаровдун өлүмү үчүн кенемте төлөө тууралуу маселеге чекит койду. Анын үй-бүлөсүнө мамлекет 300 миң сом кенемте төлөп бериши керек. Маркумдун бир тууганы Маматкарим Эрназаров жакыны жок өткөн 15 жыл анын үй-бүлөсү үчүн тирүүнүн тозогуна айланганын айтты... Читать дальше...

Azattyk.org 

Курманкул Зулушевдин башкы прокурор болушуна парламент макулдук берди

Жогорку Кеңеш башкы прокурорлукка президенттин милдетин аткаруучу көрсөткөн Курманкул Зулушевдин талапкерлигин жактырды. Аны отурумга катышкан 85 депутаттын 84ү колдоп добуш берди.  Талкуу учурунда депутаттар Зулушевди саясий куугунтукка жол бербөөгө чакырышты.  Башкы прокурорго талапкер өз кезегинде саясий себептерге таяп куугунтукка, «мурдагы жетекчинин кадры» деп жетекчилерди алмаштырууга жол бербей турганын айтты. Курманкул Зулушев 2015-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп «Республика - Ата Журт» партиясынын тизмеси менен келген. Читать дальше...

Azattyk.org 

Садыр Жапаров: Орус тили расмий тил боюнча калат

Кыргызстандын Конституциясына ылайык орус тили расмий тил боюнча калат жана анын макамын өзгөртүү боюнча ой жок. Бул тууралуу президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко менен 21-октябрдагы жолугушуусунда билдиргенин өкмөттүн сайты жазды.  Маалыматка караганда, жолугушууда Удовиченко Жапаровду премьер-министрлик кызматка дайындалышы менен куттуктады. Орусия өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтыкка жана Кыргызстанда тил... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды

«Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулаймановдун демилгеси менен бүгүн, 21-октябрда Жогорку Кеңеш шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда кабыл алды. Демилгечи депутаттардын бири Алтынбек Сулайманов кызматташтарына бул үчүн ыраазычылык билдирди. Демилгечи депутаттардын дагы бири Жанарбек Акаев депутаттарды 2-3-окуудан кароону кечиктирбей, 22-октябрда кароону өтүндү. Шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорунда №2 форма менен добуш берүүнү жокко чыгаруу... Читать дальше...

Azattyk.org 

ИИМ Боршайкомдогу окуя боюнча түшүндүрмө берди

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөлөрүн күбө катары суракка алуу маселеси боюнча түшүндүрмө берди. Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, 5-6-октябрда Бишкекте болгон башаламандык Жазык кодексинин 264-беренесинин 1-бөлүмүнүн («Жапырт башаламандык») негизинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, сотко чейинки териштирүү башталган.  «Иликтенип жаткан иштин алкагында 5-октябрь күнү парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон... Читать дальше...

Azattyk.org 

Европа өлкөлөрү коронавируска каршы кошумча чара көрүшүүдө

Соңку аптада Европада, анын ичинде Испанияда, Италияда, Францияда, Чехияда жана Орусияда да коронавирус жугузуп алгандар көбөйүп жатат. Бул өлкөлөрдүн көбүндө бир күн ичинде илдетке чалдыккандардын саны апрель айындагы көрсөткүчтөн кыйла жогору.   Ушундан улам Европанын бир топ бөлүгүндө коомчулуктун каршылыгына карабай коменданттык саат, милдеттүү беткап жана карантин сыяктуу жаңы чектөөлөр киргизиле баштады.   Чехиянын өкмөтү бейтаптардын саны рекорддук чекке жетип жатканын билдирип, жакынкы күндөрү кошумча чаралар киргизилерин эскертти. Читать дальше...

Azattyk.org 

Батукаев иши: Аида Салянованын адвокаттары прокурорду четтетүү тууралуу өтүнүч беришти

Бишкектин Свердлов райондук соту бүгүн, 21-октябрда кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу мурдагы башкы прокурор, мурдагы депутат Аида Салянованын ишин карады.  Бул тууралуу Салянованын тууганы Чынара Турдалиева «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, адвокат бүгүнкү отурумда да жараянга катышып жаткан прокурор Медер Абдышевди четтетүү тууралуу өтүнүч келтирип, судья аны канааттандырган жок.   Салянованын тарапкерлери Абдышевдин ага кызмат боюнча жеке таарынычы бар экенин... Читать дальше...