World News in Kyrgyz
Февраль
2024

Новости за 07.02.2024

Azattyk.org 

"Нукустун четиндеги кароосуз калган жайга алып барышты". Каракалпактар кабылган кысым

Айыппулдар, 15 суткага камоолор, өлүм жана түрмө менен коркутуулар. Каракалпакстанда абактагы активист Даулетмурат Тажимуратовду колдогон студенттерди ушинтип коркутуп жатышат. Жаштарга басым 2023-жылы активисттин апелляциялык арызы сотто четке кагылганда күчөгөн.

Azattyk.org 

Блинкен Бишкекке кат жазды, Садыр Жапаров демократия тууралуу айтты

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кат жолдоду. Ал эки тараптуу мамиленин өнүгүшүнө канааттанганын белгилеп, “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө тынчсыздануусун айткан.

Azattyk.org 

Түркмөнстан: тестиер кыздардын "тазалыгын" текшерүүгө мажбурлоо

"Азаттыктын" түркмөн кызматы өлкөнүн айрым аймактарында кыздар гинекологдун кароосунан мажбурлап өткөрүлүп жатканын жазды. Муну жергиликтүү бийлик “адеп-ахлак тазалыгы” үчүн текшерүү деп атаган.

Новости пользователей сайта 

Жемкор Орозкан Токторалиева крышевать кылган Тургунбай кызы Алтынбү “өлүк жандар”дын жеген айлыктарын кусуп, уурдап, списать кылган жаңы инвентарларын кайтарсын

КР Президенти, Коопсуздук Кеңешинин башчысы С.Н. Жапаровго

                                             КР УКМК төрагасы К.К. Ташиевке

АЧЫК КАТ

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич!

КР Президенти С.Н. Жапаров коррупционерлер менен аёөсүз күрөш алып барып жатат. Бирок, Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагынын кызмат адамдары коррупцияга белчесинен батып, карапайым элге чоң зыян келтирип жатышат.

2022 жылдын апрель айына чейин Ишкаван айылындагы Ы. Читать дальше...

Новости пользователей сайта 

Оперучётта турган оппозицииячыл-митингчи Орозкан Токторалиева менен Кара-Суу райОНО башчысы Акбермет Толтоеванын кандай байланышы бар?

КР Президенти, Коопсуздук Кеңешинин башчысы С.Н. Жапаровго

КР УКМК төрагасы К.К. Ташиевке

АЧЫК КАТ

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич!

2021 жылы Токторалиева Орозкан Дубанаевна Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылдык кеңешине депутат болуп шайлангандан баштап мыйзамсыз аракеттер жасаган. О. Токторалиева уюшкан топ түзүп, ага мурда мамлекет акчасын жеген коррупционер “Саткынай апа” балдар бакчасынын директору Тургунбай кызы Алтынбү менен алдын ала сүйлөшүп... Читать дальше...

Azattyk.org 

Газа: ХАМАС ок атууну токтотуу сунушуна өз жообун берди

АКШ менен Евробиримдик террордук деп тааныган ХАМАС радикал уюму Газа тилкесиндеги ок атууну токтотуу боюнча ортомчулардын сунушуна жообун берди. Катардын бийлиги аны “оң жооп” деп сыпаттады. Израил бийлиги азырынча буга реакция жасай элек.

Azattyk.org 

Армиядагы зомбулук: Аскер кызматкеринин жаны ачыган билдирүүсү

Караколдогу №2028 аскер бөлүгүнүн кызматкери социалдык тармак аркылуу өлкө жетекчилигине кайрылуу жолдоп, жоокерлер кодуланарын, азык-түлүктүн сапаты начар экенин айтып чыкты. Чек ара кызматы кайрылуу боюнча иликтөө жүргөнүн, зордук-зомбулуктун белгилери аныкталбады деген таризде жооп кайтарды.

Azattyk.org 

Жалал-Абад: Абактагы ишкер "саясий куугунтукка" кабылганын айтты

6-февралда Жалал-Абад шаардык сотунда 10 айдан бери абакта жаткан ишкер Бакыт Борошовдун ишин караган сот күбөлөр толук келбегендиктен 15-февралга калды. Ишкер сот залында туруп, ага козголгон кылмыш ишин "саясий куугунтук” деп айтты. Былтыр 25-октябрда Кылмыш-жаза кодексинин “Өзүм билемдик” беренеси менен иш козголуп кармалган. Ал кармалардан мурун УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге социалдык тармактардан видеокайрылуу жолдоп, ишкерлерге кысым болуп жатканын айткан жана “башаламандыкты токтотууга” чакырган.

Azattyk.org 

ЖМК мыйзамы: Бийлик журналисттерди көзөмөлдөөнү көздөйбү?

Өкмөт сунуш кылган "Жалпыга маалымдоо каражаттары" жөнүндө мыйзамдын долбоору парламенттин комитеттеринде каралууда. Мыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн айланасындагы талкуулар бир жылдан бери кызуу талкууланууда. Демилгечилер мыйзамды замандын талабына туура келтирүүнү көздөп жатканын айтышса, айрым эксперттер бул долбоор сөз эркиндигин чектеп, журналисттердин ишин кыйындатарын белгилешет. "Азаттыктын" студиясында: Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгулов... Читать дальше...

Azattyk.org 

Абдыкадыров: “Асманды” кура турган инвесторлор кармалып жатат

Ысык-Көлдүн жээгинде салына турган “Асман” шаарынын курулушу инвестор келе электигинен кечигүүдө. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлү Эмилбек Абдыкадыров “Азаттыкка” курган маегинде билдирди.

Azattyk.org 

Комага түшкөн улакчы. Көк бөрү качан коопсуз оюнга айланат?

Каракол шаарында көк бөрү боюнча облустук турнирде 24 жаштагы улакчы башынан катуу жараат алып, комага түштү. Ага операция жасалганы менен, абалы оор экени кабарланууда. Бул окуя оюн маалындагы коопсуздук маселесин кайра козгоду.

Azattyk.org 

"Алиев өзү менен өзү атаандашат". Авторитардык династиянын үстөмдүгү

7-февралда Азербайжанда кезексиз президенттик шайлоо өтөт. Өлкөнү 20 жылдан бери башкарып келаткан Илхам Алиевге бул жолу да олуттуу атаандаш чыккан жок. Оппозициялык партиялар добуш берүүгө бойкот жарыялашты. Өнөктүк алдында көз карандысыз медиага куугунтук күчөдү.