World News in Kyrgyz
Июль
2024

Новости за 21.07.2024

Azattyk.org 

АКШ: Вице-президент Харристин саясаттагы жолу

Камала Харрис Америка Кошмо Штаттарынын вице-президенттигине чейин жеткен теги түштүк азиялык алгачкы аял катары тарыхка кирди. Ал мурдагы юрист, штаттын башкы прокурору жана сенатор.

Azattyk.org 

“Аюулар үйгө чейин келе баштады”. Ак-Шыйрактагы турмуш

Бишкектен 500дөй чакырым алыста, Кытай менен Кыргызстандын чек арасына жакын жайгашкан Ак-Шыйрак айыл аймагы 1937-жылы түптөлгөн. Бул айыл аймагына Ак-Шыйрак, Ыштык, Кара-Сай айылдары жана бир нече кыштоо кирет.

Azattyk.org 

Жакынкы Чыгыш: Хуситтердин дрон чабуулу, Израилдин Йеменге соккусу

Дем алышта Жакынкы Чыгышта жаңжал күчөдү. Йемендеги хуситтер жекшембиде эртең менен Израилдин Эйлат курортуна баллистикалык ракеталар менен сокку урду. Израил абадан коргоо системасы дүрмөттөрдү атып түшүргөнүн билдирди. Абал ишембиге караган түнү топ Тел-Авивди бутага алгандан кийин курчуп кетти.

Azattyk.org 

Оштогу сел: Соодагерлер борбордук базарды көчүрбөй турууну өтүнүүдө

Ош шаарында жекшембиде 100дөй ишкер нааразылык акциясына чыгып, сел каптаган борбордук базарды башка жакка көчүрүүнүн мөөнөтүн узартып берүүнү бийликтен суранып жатышат. Алар базарды жылдырууга каршы эмес экенин айтышып, сезон учурунда бир-эки ай ошол жерде иштеп турууга мүмкүнчүлүк берүүнү өтүнуү.

Azattyk.org 

Париж-2024: "Балбандардан үмүт чоң"

Олимпиадага даярдык, балбандар канча медаль утууга мүмкүнчүлүктөрү бар, өлкөдөгү күрөштүн келечеги жана башка маселелер боюнча суроолорго Кыргыз Республикасынын бириккен спорттук күрөш федерациянын президенти Мелис Турганбаев жооп берди.