World News in Kyrgyz
Август
2024

Новости за 21.08.2024

Azattyk.org 

Путиндин Баку сапары жана Москванын Түштүк Кавказдагы солгун тарткан таасири

Орусиянын президенти Владимир Путиндин Азербайжанга сапары жыйынтыкталды. Серепчилер белгилегендей, Бакунун көп векторлуу тышкы саясаты Путин үмүттөнө турган жалгыз мүмкүнчүлүк болууда.

Azattyk.org 

"Ата-Бейит": Бүбүйра апанын арманы, коомдук кайдыгерлик

Сталиндик заманда 40 миңден ашык кыргызстандык репрессияланып, алардын 4000ден ашыгы өлүмгө кеткени тууралуу маалымат бар. Атылып кеткен маркумдардын Чоң-Ташта көмүлгөн 137синин сөөгүн 1990-жылы таап берип, тарыхка кирген легендарлуу Бүбүйра Кыдыралиева 96 жашында дүйнөдөн өттү.

Azattyk.org 

Кыргыз банктары Орусиянын банктарына акча которууну токтотту

Кыргызстандагы “Мбанк” жана "Керемет банк" баштаган ири банктар Орусия менен акча которуу кызматташтыгын убактылуу токтотту. Экономисттер мындай чечимди Батыштын экинчи даражадагы санкцияларына илинип калуу коркунучу менен байланыштырууда.

Azattyk.org 

Москва дрон чабуулуна кабылды

Москва шаарына дрон чабуулуна кабылды. Орусия бул согуш башталгандан бери Москвага жасалган эң ири чабуул экенин билдирди. Ушул эле күнү Киевге Орусия тараптан аба чабуулу болуп, эскертүү жарыяланды. Ал арада Орусиянын Курск аймагында кармаш уланууда.

Azattyk.org 

Жогорку сот Каныкей Аранованы абакта калтырды

Жогорку сот социалдык тармактагы пикири үчүн үч жарым жылга соттолгон Каныкей Аранованын кассациялык арызын четке кагып, аны абакта калтырды. Орус баш калаасы жапырт дрон чабуулуна кабылганын Москванын мэри билдирди. Кыргызстандагы “Мбанк” жана "Керемет банк" баштаган ири банктар Орусия менен акча которуу кызматташтыгын убактылуу токтотту.

Azattyk.org 

"1,6 млрд доллары жана мүлкү кайтарылды". Кайрат Сатыбалды байлыгын берип абактан чыктыбы?

Казакстанда сот Нурсултан Назарбаевдин инисинин уулу, бир катар коммерциялык жана улуттук ишканаларды жетектеп келген Кайрат Сатыбалдынын жаза мөөнөтүн абакта эмес, үч жылга пробациялык көзөмөл астында өтөөгө уруксат берди.

Azattyk.org 

"Спорт эле эмес, адабият, илим-билимдеги таланттарга дем бериш керек"

Журналист Шайырбек Абдырахман Париж Олимпиадасы жыйынтыкталгандан кийин кыргыз спортчулары жаш муунга үлгү көрсөтүп, каарман болгонун, эми алдыда билим, маданият, медицина жана башка тармактардын да мыктылары даңазаланышы керектигин айтып чыкты.