World News in Kyrgyz
Февраль
2026

Новости за 21.02.2026

Azattyk.org 

"УКМК саясаттан тыш болушу керек". Бийликтин атайын кызматты реформалоо аракети

Күч түзүмдөрү, анын ичинде улуттук коопсуздук комитети боюнча чоң реформа болот. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди. Атайын кызмат структуралык гана эмес, ыйгарым укуктары дагы өзгөрүп, саясаттан, экономикадан тышкары болуп, коопсуздукка жооп берген түзүм катары иштей турганы айтылды.

Azattyk.org 

Өрт чыккан Кардиохирургия институтунун имаратындагы оңдоо иштери аяктап калды

Бишкек шаарындагы Мирсаид Миррахимов атындагы Кардиология жана терапия улуттук борборунун имаратындагы оңдоо иштери үч айдын ичинде бүтөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 21-февралда медициналык мекемеге барганда белгилүү болду. Касымалиев оорукананын учурдагы абалы, курулуш иштеринин жүрүшү, бейтаптар жана медициналык персонал үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты. Оңдоо-курулуш жана инженердик иштер мекеменин корпустарында, анын ичинде бейтапканада, операциялык блокто... Читать дальше...

Azattyk.org 

Чүйдө жана Бишкекте катуу шамалдан бак кулап, үйлөрдүн чатыры учту

21-февралда Бишкек шаарында жана Чүй облусундагы катуу шамалдан турак үйлөргө жана инфратүзүмгө бир катар зыян келтирилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымат бергендей, Бишкектин Москва көчөсүндө көп кабаттуу үйдүн чатыры учуп, жакын жайгашкан үйдүн чатырына кулап түшкөн. Ал эми Бакаев жана Интергельпо көчөлөрүндө шамал үйлөрдүн чатырларын учуруп, бак кулаган. “Ленин районунун Москва көчөсүндөгү чатырды коопсуздандырууга КР ӨКМдин Куткаруу кызматынан беш куткаруучу жана Панфилов районунун Октябрь... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ташиевдин артынан кызматтан кеткендер

Өтүп бараткан апта Кыргызстанда кадрдык өзгөрүүлөр, мурдагы коопсуздук кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиевге жакын саналган жетекчилердин отставкалары менен коштолду. Дүйнөдө АКШ менен Иран ортосундагы аскердик тирешти болтурбоо үчүн дипломатиялык аракеттери уланууда.

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министринин орун басары Маткеримов кызматтан кетти

Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Айбек Маткеримов кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул маалыматты министрликтин басма сөз кызматы 21-февралда “Азаттыкка” ырастады. Маткеримов бул кызматка былтыр 15-декабрда дайындалган. Анын кызматтан кетүү себеби айтыла элек. Айбек Маткеримов Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты. Ал 2021-жылы парламенттик шайлоодо “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы менен келген. Кесиби боюнча дарыгер жана бир катар медициналык мекемеде иштеген. 10-февралда... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кундузбек Сулайманов мандатын тапшырды. Жогорку Кеңеште дагы кандай өзгөрүү болот?

БШК 23-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулаймановдун мандатын өз арызынын негизинде бир добуштан жокко чыгарды. Өткөн аптада да парламентте бир катар өзгөрүүлөр болду. Мурдагы спикер Нурланбек Тургунбек уулу мандатын тапшырса, айрым депутаттык топ жана комитет төрагалары алмашты.

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш: Дагы кайсы депутаттар мандатын тапшырат?

Узап бараткан аптада да Кыргызстанда cаясий окуялар уланып, парламентте бир катар өзгөрүүлөр болду. Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу мандатын тапшырса, айрым депутаттык топ жана комитет төрагалары алмашты.

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш: Кайсы депутаттар мандатын тапшырат?

Парламентте бир катар өзгөрүүлөр болууда. Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу мандатын тапшырса, айрым депутаттык топ жана комитет төрагалары алмашты. Айрымдар муну парламентти УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин таасиринен тазалоо аракети катары сыпаттап жатышат.

Azattyk.org 

"Болгон оокатыңды тартып алам". Өзбекстанда фермерлер иштеткен жеринен айрылып жатканын айтууда

Өзбекстанда дыйкандар жергиликтүү бийлик карызды өндүрүү шылтоосу менен алардын түшүмдүү жерлерин тартып алып, кытайлык инвесторлорго берип жатканын айтууда.

Azattyk.org 

АКШда сот Трамптын башка өлкөлөргө карата тарифтерин мыйзамсыз деп тапты

The Wall Street Journal басылмасынын жазганына караганда, АКШнын Жогорку соту президент Дональд Трамп киргизген тарифтердин көбүн, анын ичинде дээрлик дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн келүүчү импортко коюлган "эки жактуу" алымдарды жана Канада, Мексика, Кытайдан келген товарларга 25 пайыздык тарифтерди мыйзамсыз деп тапты. Сот Трамп 1977-жылкы Өзгөчө экономикалык ыйгарым укуктар жөнүндөгү мыйзамды (IEEPA) колдонуу менен өзүнүн укуктарынан аша чапкан деп чечим чыгарды. "Эгерде Конгресс президентке тарифтерди... Читать дальше...

Azattyk.org 

Президент Жапаров Кыргызстанда Тергөө комитети түзүлөрүн билдирди

Президент Садыр Жапаров укук коргоо органдарында жасала турган реформалар тууралуу 21-февралда “Кабар” улуттук агенттигине маек куруп, өзүнчө Тергөө комитети түзүлөрүн билдирди. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде чалгындоо, контрчалгындоо, конституциялык түзүлүштү коргоо, терроризм, экстремизм, бандитизм, баңгизаттарына каршы күрөш жана башка иштер каларын тактады. Ушул багыттар боюнча иштерди тергөө атайын кызматтын өзүндө калат. ИИМ дагы өздөрүнө түздөн-түз тиешелүү милдеттер менен гана иш алып барып... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жапаров Ташиевге УКМКны реформалоо жөнүндө бир канча жолу эскерткенин айтты

Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ишиндеги кемчиликтерди учурунда мурдагы төрага Камчыбек Ташиевге айтып келгенин билдирди. Бул тууралуу ал 21-февралда “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинде айтты. Ташиевге УКМКнын кадыр-баркын көтөрүүнү, мурдагы СССРдин КГБсындай болушу керектигин айтып келгенин белгиледи. Эл арасында атайын кызматтын кишилери күбөлүгүн “комокторго” чейин көрсөткөн учурлар бар экенин эсине салып, сын-пикирлерден арылууга чакырганын айтты: “Дал... Читать дальше...