World News in Kyrgyz
Март
2026

Новости за 21.03.2026

Azattyk.org 

Нооруз–2026: Жаратылыш ойгонгон улуу күн

Кыргызстанда Нооруз майрамы белгиленүүдө. Байыркы фарс тилинен которгондо "нау" – "жаңы", "рузи" – "күн" деген маанини билдирип, күн менен түндүн теңелип, жаңы жылдын башталышын айгинелеген бул майрамда дасторкондун көркү болгон сүмөлөк кайнатылып, келечекке болгон жакшы тилектер айтылат.

Azattyk.org 

Трампты таарынткан НАТО, баасы асмандаган мунай

Израил Ирандын Перс булуңунда жайгашкан ири газ кениндеги заводго сокку урганы кырдаалды огобетер курчутту. Дүйнө энергетикалык кризиске кептелеби? Кыргызстанда өлкөдөн чыгып кеткен коопсуздук кызматынын мурдагы төрагасы К.Ташиевдин кайтып келиши бул аптадагы эң урунттуу окуялардын бири болду.

Azattyk.org 

Ош шаарында таштандыны кайра иштеткен заводдун курулушу жанданат

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев 20-мартта кытайлык "Цзюнсин Хуанбао Кей Жи Инвест" компаниясынын башкы директору Дай Даого менен жолукту. Мэриянын басма сөз кызматынын билдиришинче, анда тараптар таштандыны кайра иштетүүчү заводдун курулушун жандантууну сүйлөштү. "Шаар мэри таштандыларды утилдештирүүнүн негизинде электр энергиясын өндүрүүчү заманбап завод куруу ишин жандандырып, активдүү жүргүзүү керектигин белгиледи. Ошондой эле бардык маселелер чечилип берилерин айтты. Бул завод ишке кирсе жылына... Читать дальше...

Azattyk.org 

Путин май айында Казакстанга мамлекеттик сапар менен барат

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев орус президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөштү. Акордонун басма сөз кызматы анда Путин Токаевди референдумду ийгиликтүү өткөрүп алышы жана жаңы Конституциянын кабыл алынышы менен куттуктады. "Президенттер алака-катыштын күн тартибин талкуулашты. Касым-Жомарт Токаев Орусиянын президентинин май айынын аягына белгиленген Казакстанга мамлекеттик сапары стратегиялык өнөктөштүктү жана биримдикти бекемдөө үчүн маанилүү экенин белгиледи. Путин алдыдагы... Читать дальше...

Azattyk.org 

Садыр Жапаров Нарын кесипкөй кадрларга муктаж экенин айтты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта Нарын облусуна барды. Ал Нарын шаарындагы Ноорузга арналган салтанатка катышып сөз сүйлөп, соңку жылдары бул аймакты өнүктүрүүгө өкмөт каражат бөлүп, аракет жумшап жатканын белгиледи. Ошол эле маалда Нарын иш билги кадрларга муктаж болуп турганына токтолду. "Мына ушундай колдоолор болуп турган шартта Нарынга өз кесибинин устасы жана дасыккан менежерлер керек болуп турат. 1960-1980-жылдары мамлекет Корчубек Акназаровду атайын шарты катаал, абалы оор делген Ак-Талаа... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Акыркы тыйыныңа чейин алып коюшат". Интернет-шылуундарга алдангандар көбөйдү

Кыргызстанда укук тартибин коргоо органдары интернет аркылуу алдамчылык кылгандар өтө күчөгөнүн айтып, жарандарды сак болууга үндөп келе жатат. Бирок кылмыштын бул түрү улам оожалып жатканын айткандар бар. Маселен, өткөн жылы мындай кылмыштын зыяны 1 миллиард сомдон ашык каражат болгон.

Azattyk.org 

Трамп Иран менен мунасага баруу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарды

АКШнын президенти Дональд Трамп Иран менен ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарды. Ал жума күнү Ак үйдүн жанында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып бул согушта Вашингтон артыкчылык кыларын айтты. "Мен ок атышууну токтотууну каалабайм. Силер билесиңер да, душманыңды жок кылып жатканда аны менен ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашпайт",-деди Трамп. Ал ошондой эле Ирандын армиясы, аскердик техникасы жана өлкө лидерлери оор жоготууга учураганын айтты. Мунун... Читать дальше...

Azattyk.org 

КазТАГ агенттигинин башкы директору Асет Матаева эки айга камалды

Казакстандын Алматы шаарындагы сот КазТАГ маалымат агенттигинин башкы директору Асет Матаевди эки айга камоо тууралуу өкүм чыгарды. Бул тууралуу анын адвокаты Рена Керимово билдирди. Анын сөзүнө караганда, судья тергөө абагынын жетекчилигин журналистке керектүү медициналык жардам көрсөтүүгө, керек болсо ооруканага жаткырууга милдеттендирди. Матаевге 18-мартта "бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шаардык полиция департаменти 18-мартка караган түнү Медеу районунда төрт эркектин катышуусунда жаңжал чыккан... Читать дальше...