World News in Kyrgyz

22-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 22-июнда түнкүсүн жамгыр, бийик тоолордо кар жаашы мүмкүн.


Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында, Чүй, Талас облустарынын айрым аймактарында жамгыр жаап, тоолуу райондордо кар түшөт. Чүй, Талас облустарынын өрөөндөрүндө күн ачык болот.


Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы:


Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16...21, күндүз 25...30,


Талас жергесинде түнкүсүн 13...18, күндүз 25...30,


Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14...19, күндүз 25...30,


Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 10...15, күндүз 20...25,


Нарын облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 20...25 градус болот.


Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 17...19, күндүз 27...29 градус болот. Борбордо түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз жамгыр себелеши ыктымал. (ErN)

Читайте на сайте