World News in Kyrgyz

Трамп Иранга каршы сокку уруу буйругун бергенин бышыктады

АКШ президенти Дональд Трамп америкалык дрондун атып түшүрүлүшүнө жооп иретинде Иранга каршы сокку уруу буйругун бергенин бышыктады. 21-июндагы бир нече твитинде президент Ирандагы үч жайга соккуну чабуулга 10 мүнөт калганда токтотконун, себеби 150дөй киши өлүшү мүмкүн деген маалымат түшкөнүн жазды. Президент муну "ашыкча" чара деп сыпаттарын айтты.


Мунун алдында Тегеран 20-июнда атып түшүрүлгөн АКШнын пилотсуз учагы Ирандын аба мейкиндигин бузганынын "талашсыз" далилдери бар деп билдирген. Ирандын тышкы иштер министри мындай билдирүүнү 21-июнда, америкалык медиа президент Дональд Трамп Ислам жумуриятына сокку уруу планын жактырып, бирок миссиясы чукул токтотконун кабарлашкандан кийин жасады.


Ал тапта АКШнын Иран боюнча чабарманы Брайн Хук Иран менен чыңалууну басаңдатуу үчүн "бар аракет көрүү маанилүү" деп билдирди.


"Рейтерс" агенттиги Иран өкмөтүнүн расмий өкүлүнө шилтеме менен кабарлагандай, Трамп түн ичинде Оман аркылуу Иранга чабуул урулаарын эскертип, сүйлөшүүлөргө чакырган билдирүүсүн жөнөткөн.


Президент Трамп дрон жаңылыш атылып түшүргөн болушу мүмкүн деп 20-июнда Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо менен кездешүүдөн кийин билдирген.


Иран Ислам революциясынын сакчылары корпусу америкалык пилотсуз учак 20-июнда өлкөнүн түштүгүндөгү Хормозган провинциясында атып түшүрүлгөнүн билдирген. Тегеран учак тыңчылык кылганын жана Ирандын аба чек арасын бузганын маалымдаган. АКШнын Борбордук командачылыгы Тегеран америкалык пилотсуз учакты атып түшүргөнүн ырастап, бирок окуя Ирандын аймагында эмес, Ормуз кысыгында болгонун айтууда.

Читайте на сайте