World News in Kyrgyz

Түркмөн президентинин өлүмү тууралуу маалымат төгүндөлдү

Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчиси Шадуры Мередов түркмөн президенти Гурбангулы Бердимухаммедовдун өлүмү тууралуу маалыматты төгүндөдү. Бул тууралуу кыргызстандык маалымат каражаттарынын бири жазды. Ошондой эле түркмөнстандык "Алтын доор" ("Золотой век") маалымат каражаты бүгүн, 21-июлда Бердимухаммедовдун саламаттык сактоо кызматкерлерин куттуктап жазган кайрылуусун жарыялады.


Буга чейин бир катар орусиялык маалымат каражаттар Түркмөнстандын президенти көз жумгандыгын жазып чыгышкан. 


Жергиликтүү басылмалар Бердимухаммедов эки жумадан бери коомчулукка чыга элегин жазышууда. 


Гурбангулы Бердимухаммедов Түркмөнстанды 2006-жылдан бери башкарып келет. Ал коомчулукту ар кандай кылык-жоруктары менен таң калтырып келет. 


Мисалы, 2019-жылдын апрель айында ал «Ровач» аттуу сүйүктүү аргымагына арнап ыр жазып, аны небереси менен чогуу аткарган. 


Андан мурун ал велосипед тээп баратып, тапанчадан ок атып жаткан видео жарыяланган. 

Читайте на сайте