World News in Kyrgyz

Былтыр үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан 62 аял каза болду

2018-жылы үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан 62 аял каза таап, 288 аял ар кандай деңгээлдеги жаракат алган. Бул 2017-жылга салыштырмалуу эки эсе көп.


Бул тууралуу 21-октябрда Кыргызстанда «Зомбулуксуз жашоо» деген ураан менен маалымат кербенин жыйынтыктоо иш-чарасында айтылды.




10-октябрда башталган акция жети облуста өтүп, ар кыл тармакта алектенген лидер аялдардын баяндары жана флешмобдор түрүндөгү иш-чаралар уюштурулду.


Өнөктүккө гендердик теңчилик, жаштар саясаты менен алектенген мамлекеттик кызматкерлер, студенттер, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү болуп жалпысынан 500дөй адам катышты. (GT)

Читайте на сайте