World News in Kyrgyz

Бишкекте төрөлгөн үч эм менен апасынын абалы жакшы

Бишкектин Перинаталдык борборунда төрөлгөн үч эмдин жана апасынын абалы жакшы. Бул тууралуу бүгүн «Азаттыкка» төрөт үйүнүн башкы дарыгери Жамила Марипова билдирди:


- Балдардын абалы жакшы. Энеси Ысык-Көлдөн келген. Балдар реанимацияда, апасынын жанында жатышат. Ара төрөлгөн балдарды биз реанимацияда карап, салмагын көбөйтүп, жакшы болгондон кийин гана чыгарабыз.


Үч эмдин экөө кыз, бири уул бала. Апасы Айнура Жайнакова 46 жашта. Ал ноябрдын башында көз жарган. Улуулары эки өспүрүм бала.


Бүгүн ымыркайларды шаардык бийлик өкүлдөрү барып көрүштү. 


Быйыл февралда Перинаталдык борбордо төрт эм төрөлгөн. Аларды ата-энеси Арууке, Акбермет, Айчолпон жана Сооронбай деп аташкан. (RK)

Читайте на сайте