Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Биздин өлкөдө, ошондой эле мурдагы Советтер Союзунун аймагында жайгашкан мамлекеттерде жашаган балдардын жана улуулардын арасында глазирленген быштакчалар сүйүктүү азыкка айланган.
Көптөгөн маркетологдор аны практикалык жактан улуттук жетишкендик деп сыпатташат. Быштакча элдин терең катмарында даамы, теңдешсиз пайдалуулугу жана сатып алуучулардын калың катмарынын дарамети жеткидей жетимдүү баасы менен суроо-талапка көп ээ болуп, коомдун сүймөнчүлүгүнө айланган.
Кызыктуу факт — бул азыкка окшош азыктар Европа жана Азия базарларында дээрлик кездешпейт, бир катар чет өлкөнүн жарандары глазирленген быштакчаларды бир да жеп көрүшпөгөндүктөн даамы кандай экенин да билишпейт.
Глазирленген быштакча өндүрүүчү жеке ишканасы бар атамекендик ишкерлер өндүрүштүн жашыруун сырлары менен бөлүшүүнү каалашпайт. Анткени, алар сырларын ачыкка чыгарып, башка ишкерлерге да жол көрсөтүп, аны менен ийгиликти колдорунан жулдуруп жиберүүндөн чоочулашат.
Бирок, иш жүзүндө глазирленген быштакчаларды жасап-чыгаруу ишканасын туура жолго коюп алса, ал «алтын жумуртка тууй турган чымчыкка» айланат десек да болот.
Бул тармакта өндүрүлгөн товарларды сатып алуучулардын талабы негизинен туруктуу жана ага сырткы факторлор дээрлик таасир этпейт. Андан тышкары глазирленген быштакчаларды өндүрүү ишкерчилиги биринчи төлөмдө, анча көп эмес суммадагы каражат салууну талап кылат, бирок, кийинчерээк, иш калыпка түшкөндө жада калса тажрыйбалуу ишкерлердин да көзүн абдан күйгүзчү бизнеске айланат.
Орусиянын бир катар аймактарында бүгүнкү күндө ири да, майда да глазирленген быштакчаларды өндүрүүчү ишканалар бар. Бирок, супермаркеттерде, дүкөндөрдө атамекендик быштакчалар менен катар башка жактан алынып келинген товарларга да көз чалдыгат. Бул- базар чуңкуру толугу менен толбогонун жана дайыма жаңы катышуучулардын киришине жол ачык экенин туюндурат.
Глазирленген быштакчалар быштактан жасалган чүйгүн даамдардын катарына кирет, ошондуктан анын базары бүгүнкү күндө да жаңы жаралгандай акыбалда турат.
Учурда өндүрүшчүлөр көбүнчө эсклюзивдүү фирмалык технологияларга чуркашып, глазирленген быштакчалардын ичине улам жаңы жаңы нерселерди салышат. Бүгүнкү күндө «премиум» категориясындагы быштакчаларды да кезиктирүүгө болот,демек, бул ишканага олуттуу пайда алып келчү өндүрүш.
Глазирленген быштакчаны өндүрүүнүн жогорку популярдуулугун аны өндүрүүдөгү салттык технология колдонулаары менен байланыштырууга болот, ал көпчүлүк быштактан жасалган таттуу азыктардай эле жасалат, өзгөчө көп инвестиция тартуунун деле кереги жок.
Бул жерде болгону өндүрүштүн масштабына карата ар кандай киреше алып келе турган маселени гана чечүү керек. Көптөгөн иликтөөлөр көрсөткөндөй, глазирленген быштакчаларды чыгаруу ишкерчилиги жогорку кирешелүү ишкерчилик болуп эсептелинет. Эгер ишкер алдын ала түзүлгөн бизнес- планды толугу менен аткарса, өндүрүштүн натыйжалуулугун арттырып, сапатына көңүл бурса, анда биринчи салынган инвестицияны кайтарып алууга болгону бир жарым жыл керектелет.
Глазирленген быштакчаларды өндүрүү бизнеси демократиялык мүнөзгө ээ. Бул мындай өндүрүшкө кызыккан орто, чакан жана ири ишканаларга бирдей жетимдүү экени менен аныкталат.
Көбүнчө сүт азыктарын өндүрүү менен алектенген ири компаниялар глазирленген быштакчаларды өндүрүүгө кошумча линия ачышат, бул таза кирешенин суммасын бир канча эсеге көбөйтөт. Андан тышкары, глазирленген быштакча өндүргөн компаниялар көбүнчө нан чыгаруучу, же кондитердик фабрикалар менен коңшу жайгашат. Бул талапка туура келет. Башкысы, быштак өндүрүшүн эт, же балыкты кайра иштетип чыгаруу өндүрүшү менен жакындаштырбоо керек.
Глазирленген быштакчаларды өндүрүүчү ишкана ачууга имаратты издөөдө шашылбоо кажет. Бул маселени чечүүдө сактала турган бир катар эрежелер бар, ал өндүрүшчүгө абдан зарыл.
Имарат өтө чоң эмес, бирок өндүрүш жабдыктары толугу менен орнотууга боло турган көлөмдө болушу шарт. Технологиялык жактан бири бирине байланышкан жадыктарды имараттын ар бишка бөлмөлөрүнө бөлүү туура эмес. Бул даярдалган продукциянын сапатына терс таасирин тийгизет, бирок, чакан бөлмөлүү имараттарды алуу, бир чоң бөлмөлүү имараттын ижара акысына караганда арзан турат.
Имараттын ички жасалгоосуна да көңүл буруңуз. Азык-түлүк сактоочу жайдын пол жана дубалдары кислота менен шакардын (шелочь) таасиринен коргой турган атайын материалдар менен капталышы керек. Көчүлүк учурда бөлмөнүн шыбы сууэмульсиндик боек менен боелот.
Өндүрүштү уюштурууда имаратты ижарага алгандан соң, биринчи кезекте өндүрүштүн жабдыктар топтомун сатып алууга аракеттениңиз. Бул жабдыктар быштак аралашмаларын даярдоого, калыпка келтирүүгө жана ичине салынчу кошулманы даярдоого жардамга келет. Анда атайын глазирлей турган машина, муздатуучу камера, муздаткыч орноткучтар жана таңгак жасоочу агрегат кирет.
Ушундай аз сандагы техника топтому орто көлөмдөгү өндүрүштү ишке киргизүүгө толугу менен жетет. Белгилеп коюу керек, бүгүнкү күндө глазирленген быштакчаларды өндүрүүчү өндүрүштөр негизинен тик бурчтуу формага ыкташат. Бирок, чет өлкөлүк өндүрүшчүлөр стандартка чакталбаган продукцияларды чыгарууга басым жасашат.
Албетте, мындай жабдыктар тик бурчтуу быштакчаларды чыгара турган жабдыктарга караганда бир топ кымбат турат, ошондуктан иш баштоонун биринчи тепкичинде турган ишкана үчүн аны сатып алуу пайдасыз. Бирок, убакыттын өтүшү менен өндүрүш гүлдөп — өнүгө баштаганда, айланган каражаттын эсебинен ушундай инновациялык техниканы алууга да чамаңызды жеткириңиз.
Учурда жогорку натыйжалуу жана кирешелүү глазирленген быштакча чыгаруучу ишканалар башка ыкманы колдонушат. Көбүнесе аны заманбап ишкерлер пайдаланышат. Бизнес- план түзүп, имаратка кете турган бардык чыгарашаларды эсептеп, чийки зат сатып алууга кетчү, жумушчулардын айлык маянасына төлөнчү акчаларды да кошуп эсептеш керек. Бул алдыдагы ишти татаалдатпай, бир калыпта кармоого жардам берет.
Ошондуктан, ишкерлер ишкерчиликти өнүктүрүүнүн башка жолун издешет. Мындай ишкерлер ижарага алынчу имарат кайсы жерде жайгашаарын маселе көрүшпөйт, кандай чийки зат сатып алуу керектигине да баш катырышпайт. Алар жөн гана атайын сүт азыктарын чыгарган ири комбинаттар, же заводдор менен келишим түзүшүөт, алар баштапкы ишкананын белгисинин алдында глазирленген быштакчаларды жасап чыгарышат.
106 просмотров всего, 4 просмотров сегодня