Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Чүчбара ишкерчилиги жакында эле пайда болгон, бирок аз убакыттын ичинде ишкерчилик тармагындагы бирден бир кирешелүү булакка айланды.
Буга бир топ себептер бар, анын арасындагы эң бир обьективдүүсү деп чүчбара жыл бою суроо-талапка ээ азык экендигин айтсак болот. Демек, бул, эт жана картошкадан жасалган чүчбарага мезгилдик талап дээрлик өзгөрүлбөйт дегенди билдирет.
Биздин өлкөдө чүчбара өндүрүшү көбөйгөн сайын, бул уникалдуу азыкка калктын кызыгуусу да артты. Башкача айтканда, жалпы стандарттан четтеп, өзгөчө рецепт менен даярдалган чүчбаралардын сатып алуучулары көп болгондуктан, ушундай ыргакты карманган өндүрүш эң бир кирешелүү болуп эсептелинди. Чүчбараларды арбын даярдоо өндүрүшүнүн техникалык жараяны да аз убакытка, болгону бир же эки айга эле созулат.
Россияда жана жакынкы өлкөлөрдө жайгашкан көптөгөн заводдордо бүгүнкү күндө чүчбара өндүрүүгө зарыл болчу бардык жабдыктар чыгарылат.
Ага ылайык, эгер адам чүчбара өндүрүү боюнча өндүрүштү жолго коем деп чечсе, анда керектүү жабдыктарды сатып алууда тандоо абдан кеңири. Жабдыктардын баасы аны чыгарган заводдун кадыр-баркына жана санына жараша ар кандай болуп белгиленет.
Мында эң башкы фактор — картошка жана эт менен жасалган чүчбаралардын белгисинин элге алынуусуна алардын формасы себепкер. Популярдуулукка жеткен форма, сатып алуучунун көз карашы менен алып караганда, жарым ай, томпок жана түйүлгөн формалар актуалдуу экени талашсыз. Андан тышкары, бул тармактагы атаандаштыкты фарш жана камырды жасоодогу өзгөчөлөнгөн рецептерди колдонуп, башкача жыт бергичтерди кошуп, фирмалык уникалдуу даамын тапкан өндүрүштөр жеңип чыгат.
Чүчбара өндүрүшүн баштоо анча деле кыйын эмес. Алгач бардык шарты бар ылайыктуу имарат табыңыз, ал санитардык коопсуздукка толугу менен жооп бергидей болсун, андан соң, жабдыктардын толук топтомун сатып алыңыз.
Мындай учурда сөзсүз өндүрүштүк орнотуу керектелет: чүчбара аппараты — чүчбаралардын формасын жасайт, ун ээлөөчү, камыр ийлөөчү жана камыр жайуучу, эт майдалоочу, фарш даярдоочу аппараттар жана алардан тышкары даярдала элек азык — чийки этти сактоочу жана даяр азыкты тоңдуруучу атайын орноткуч да болушу шарт.
Өндүрүштүн ишин үзглтүксүз алдыга жылдыруучу сапаттуу жабдыктарды сатып алууда бир нече талап бар. Алардын арасындагы эң башкысы, орчундуу суммага сатылып алынган жабдыктар азыкты толугу менен жасап чыгарууга дараметтүү болот. Андан тышкары жабдыктарды алаарда, сөзсүз түрдө өндүрүү убактысынын саатын караңыз. Жабдык даяр азыкты канчалык аз убакытта даярдап чыгарууга жетишсе, сиздин ишкерчили)издеги ийгилик да ошончолук тез коштойт.
Негизинен чүчпара өндүрүүдө эң бир сапаттуу жабдыктар Тайванда чыгарылат деп айтылат.
Андан кийин камыр менен фарштын даамы жана сапаты, даяр азыктын курамы тууралуу бардык талаптар менен жакшылап таанышыңыз. Камыр жасоодо жакшысы, катуу сорттогу буудай ундарынан кошундусун азыраак пайдаланыңыз. Камырдагы нымдуулук 40 пайыздын тегерегинде сакталышы зарыл.
Фарш даярдоо үчүн тооктун, же уйдун, болгондо да бир жарым сантиметрден ашпаган, аз сандагы тарамышы бар эт колдонуңуз. Булардын баары чүчбара өндүрүү өндүрүш тармагындагы ишкердин чыгашасына кирет. Тоңдурулган чүчпаралардын көп сатылуусунун кепилдиги, бул — кооз жана сапаттуу таңгак болуп эсептелинет. Ал алыс жолго жүрүүдө чүчбараны сырткы зыянуу таасирлерден сактап, жалпайтып, же ийрейтпей, бүтүндүгүн камсыздайт.
Таңгактоодо сизге атайын таңгактоочу автоматтар жардамга келет, аларда бир гана таңгактоо эмес, азыктын көлөмүн көзөмөлдөө да мидети бар. Таңгак негизинен эки, кээде үч, эки тарабын бириктирген жамаачы жиптен турат. Маркетингдик иликтөө көрсөткөндөй, ичи көрүнүп турган таңгактагы чүчбара ичи көрүнбөгөн таңгактагы чүчбарага караганда суроо-талапка көбүрөөк эгедер, анткени, сатып алуучуга дайыма эмне сатып алганы атса, анын ичин көрүү жагымдуу.
Чүчбара өндүрүш ачууга камданган ишкер сөзсүз түрдө мындай абалды эске алышы шарт: өндүрүлөн азыктардын баары эле сатыкка чыгып, алыскы аймактардан бери жеткирилип, сатылат деген ойдон алыс болушу керек. Ошондуктан, азык белгиленген мөөнөткө чейин сапатын жоготпоосу үчүн сактала турган атайын шарттарды түзүп кою)уз. Бул үчүн белгиленген мөөнөткө чейин орточо температурадагы камераларды пайдалануу зарыл, алар көп убакытка чейин чүчбаралар жумшабагандай температураны сактап турушат.
Учурда чүчбара өндүрүү боюнча ишкерчилик азык-түлүк өнөр жайындагы өз алдынча, көз карандысыз тармак болуп эсептелинерин белгилей кетели. Бул тармакта иш алып барган ишкана базарга тез кошулат, ошондуктан бул жааттагы атаандаштык күн сайын өсүүдө.
Адистер алгач өтө чоң эмес ишкана ачууну көздөшөт. Мындай чечим кайсы жактан караба пайдалуу. Ишкананын көлөмү канчалык кичине болсо, аны уюштуруунун аянты да ошончолук чакан болот. Андан тышкары так ошол анча чоң эмес ишканалар ишмердүүлүгүнүн биринчи тепкичтеринде чыгарган азыктын сапатын жана баасынын оптималдуу теңдигин сактай алышат.
Бул тармакта кыскача айтканда, бир жылдай иш алып барган компания өндүрүшүн кеңейтүүнүн толтура мүмкүнүчүлүгүнө туш келет. Бул өз кезегинде ишкана ээсинин таза кирешесинин өлчөмүнө таасирин берет. Так ошондуктан, чүчбара тармагындагы ишкана ачууга киришип атып, алдын ала кандай деңгээлдеги киреше алууну каалай турганыңызды так аныктаңыз, ишкананы качан кеңейтүүнү да пландаңыз. Мындай абалда бизнес — план ыкчам түзүлүп, анын шарапаты менен аз убакыттын ичинде ийгиликти багындыра аласыз.
102 просмотров всего, 4 просмотров сегодня