World News in Kyrgyz

Эски айдоочулук күбөлүктөрдүн мөөнөтү 15-февралга чейин узартылды

Айдоочулук күбөлүктү алмаштыруудагы узун кезек күтүүлөрдү эске алуу менен кыргыз өкмөтү эски айдоочулук күбөлүктүн жарактуу мөөнөтүн 15-февралга чейин узартууну чечти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.



1-декабрдан тарта Кыргызстанда жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк бериле баштаган. Учурда 2019-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөткө берилген айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу боюнча иштер жүрүп жатат. Күбөлүктөрдү берүү штаттык режимде жүрүүдө. Ал эми аймактарга жеткирүү милдетин "Кыргыз почтасы" ишканасы аркалоодо. (ZKo)




 

Читайте на сайте