World News in Kyrgyz

Орусияда коронавирус жуктургандардын саны 250дөн ашты

Соңку бир сутка ичинде Орусияда 54 адам өпкөнү сезгенткен илдетке кабылган. 79 жаштагы бир аял көз жумду. Бирок ал коронавирустан өлгөндөрдүн санына кирбей турганын орус бийлиги маалымдады. Москва билдиргендей, ал башка эле оорудан каза тапкан.


Анткен менен Жон Хопкинс университети азырынча Орусияда бул оорудан өлгөн бир адам бар экенин расмий кабарлап жатат.




Орусиянын президенти Владимир Путин коронавирус пандемиясын «тышкы коркунуч» катары баалаган. Ал орусиялыктарды «кырдаал көзөмөлдө» экенине ишендирди. Бирок жарандардын көбү чыныгы кырдаал расмий маалыматтарга караганда опурталдуу экенин айтып, бийликке ишенбей жатышат. Орусияда чет өлкөлүктөрдүн келишине тыюу салынган. 


21-мартка карата дүйнөдө коронавирустан 11,5 миңге чукул киши көз жумду. Аталган илдетке чалдыккандардын саны 275 миңге чамалады.

Читайте на сайте